Сочиде кырсыкка учураган Ту-154 учагынын кыйроо себеби жарыяланды

Авиакырсык 2016-жылдын 25-декабрында болгон. Учактын бортунда 92 киши болгон Сүрөттүн автордук укугу EPA
Image caption Авиакырсык 2016-жылдын 25-декабрында болгон. Учактын бортунда 92 киши болгон

Орусиянын Коргоо министрлиги 2016-жылдын декабрь айында Сирияны көздөй багыт алып, бирок Кара деңиз үстүндө кырсыкка учураган Ту-154 учагынын кыйроо себебин жарыялады.

Министрлик учактын кырсыкка учурашына учкучтун багытынан адашып калганы себеп болду деп билдирди.

"Иликтөөнүн жыйынтыгы менен кырсыктын себеби мейкиндиктеги багыттан адашып калуу болушу мүмкүн экени аныкталды. Аба кемесинин командиринин жаңылыштыгынан болгон»,-деп айтылат Коргоо министрлигинин билдирүүсүндө.

Иликтөө жыйынтыгы шаршембиде кечинде жарыяланды. Авиакырсык 2016-жылдын 25-декабрында болгон. Учактын бортунда 92 киши болгон. Алардын 65и Орусиянын Сириядагы Хмеймим аскердик базасына концерт тартуулоо үчүн бараткан Александров ансамблинин өнөрпоздору эле. Ошондой эле учакта даражасы капитандан генерал-лейтенантка чейинки сегиз аскер кызматкери, коомдук ишмер Елизавета Глинка, орусиялык телеканалдардын тогуз кызматкери болгон. Учактагылардын баары каза тапкан.

Ту-154 учагы Адлерден учуп чыккандан кийин кыйроого учурап, Кара деңизге кулап түшкөнү айтылган.

"Сочи шаарындагы аба майданда күйүүчү май куйган учурда эч кандай эрежелер бузулган эмес. Сырткы факторлор дагы таасири эткен эмес»,-деп айтылды Коргоо министрлигинин билдирүүсүндө.

Иликтөө жүргүзгөн комиссия ошондой эле ашыкча жүк болгон деген божомолду да жокко чыгарды. Авиакырсыкты иликтөө жыйынтыкталды. Мурда Коргоо министрлиги атаган версияны айрым басылмалар жазып чыгышканы бар. (AbA)

Тектеш темалар