Филиппиндин аба күчтөрү адашып өздөрүнө сокку уруп алды

Аба соккусу исламчылардын турумдарына жолдонушу керек эле. Бирок жыйынтыгында аскерлер жабыркап калды. Сүрөттүн автордук укугу AFP
Image caption Аба соккусу исламчылардын турумдарына жолдонушу керек эле. Бирок жыйынтыгында аскерлер жабыркап калды.

Филиппиндин аба күчтөрү өлкө түштүгүндөгү Марави шаарында исламчыл экстремисттерге абадан сокку урам деп адашып өз аскерлерине жолдоп алып кеминде филиппиндик он аскер кызматкери мерт кетти.

"Биздин аскерлердин тобу өзүбүздүн аба соккубузга кабылып калды. Биз кишилерибизди жоготтук,он киши каза тапты, сегизи жарадар",-деп айтылат Коргоо министри Делфин Лорензандын билдирүүсүндө.

Жергиликтүү бийлик бул окуяны иликтөө убадасын берди. Маравиде бир аптадан ашуун убакыттан бери аскерлер менен өздөрүн "Ислам мамлекети" атаган экстремисттик топтун согушкерлери ортосунда ок атышуулар уланып жатат.

Салгылашууларда каза тапкандар саны жүзгө жетти. Президент Родриго Дутерте өткөн аптада Марави шаары жайгашкан Минданао аралына аскердик кырдаал абалын киргизген.

23-майда өлкөнүн атайын кызматы эң коркунучтуу террорчу катары АКШнын тизмесине кирип, издөөдө жүргөн филиппиндик согушкер Иснилон Хапилонду кармоого аракет кылган. Бирок ондогон согушкерлер каршылык көрсөтүп, шаардын 200 миң тургун жашаган аймагын басып алып, барымтага кишилерди кармап алышкан.

Ошондон бери филиппиндик армия аба соккуларынын жардамы менен шаардан исламчыларды сүрүп чыгуу аракетин көрүп жатат. Маравинин тургундарынын көбү шаарды таштап чыгып кетти. Бирок 200 миң чамалуу тургун шаардан чыгып кете албай калды. (AbA)