Malaysia Airlines учагын бомба менен коркутуп кондурган жүргүнчү

Учак Куала-Лумпурду көздөй багыт алган эле, жарым сааттан кийин кайра артка кайтууга аргасыз болду. Сүрөттүн автордук укугу AFP
Image caption Учак Куала-Лумпурду көздөй багыт алган эле, жарым сааттан кийин кайра артка кайтууга аргасыз болду.

Мельбурндан учуп чыккан Malaysia Airlines авиакомпаниясына таандык учак жүргүнчүлөрдүн бири учкучтар олтурган кабинага кирүүгө аракет кылып, бомба менен коркуткандан кийин кайра конууга аргасыз болду.

MH128 каттамы жергиликтүү убакыт боюнча 23:00дө Мельбурн аэропортунан учуп чыккан. Flightradar.com порталынын маалыматы боюнча учак 14 минутадан кийин кайра артка кайтууга аргасыз болгон экен.

Сүрөттүн автордук укугу FLIGHTRADAR24
Image caption Flightradar.com порталынын маалыматы боюнча учак 14 минутадан кийин кайра артка кайтууга аргасыз болгон экен.

Авиакомпаниянын билдирүүсүндө лайнер ызы-чуу салган жүргүнчүдөн улам кайра конууга аргасыз болгону айтылат. Жүргүнчү бомбасы бар экенин айтып, учак абага көтөрүлөрү менен эле учкучтар олтурган жайга кирүүгө аракет кылган. Артка кайтуу боюнча чечимди экипаж командири кабыл алып, учак жалпысы абада 30 минута болгон.

Учак аман-эсен жерге конгондон кийин коопсуздук кызматкерлери кирип келип жүргүнчүнү кармап кеткен. Транспорт министрлиги кармалган жүргүнчү Шри-Ланка жараны экенин айтты. Ал жардыргыч зат деп коркуткан кадимки эле аккумулятор болгон деди расмийлер. Жүргүнчүнүн мындай жолго барышына эмне түрткү болгону азырынча белгисиз.

Malaysia Airlines авиакомпаниясы соңку жылдары эң чоң катастрофаны башынан кечирди. 2014-жылы компаниянын MH370 каттамын ишке ашырып жаткан учагы дайынсыз жоголгон. Учак радардан 2014-жылдын 8-мартында түнү көрүнбөй калган бойдон белгисиз. Учактын бортунда 227 жүргүнчү, экипаждын 12 мүчөсү болгон. Лайнер азырга чейин табыла элек.

2014-жылы июлда Украинанын жикчилдер басып алган Донбасс аймагынын аба мейкиндигинде компаниянын MH17 каттамын ишке ашырып жаткан учак атып түшүрүлгөн эле.

Тектеш темалар