Миллиардерлер кыямат күнгө даярданууда

Миллиардерлер кыямат күнгө камынууда... Сүрөттүн автордук укугу iStock

Калифорниядагы миллиардерлер кыямат күн келгенде андан аман калуунун аргасын издеп, бар байлыгын аянбай жумшап, даярдык көрүшүүдө. Алардын айрымдары бомба түшсө былк этпей турган, ичинде бассейни, гимнастикалык залдары менен кошо курулган жер астындагы жайларды сатып алышууда.

Ал түгүл Билл Гейтс да Калифорниядагы же Вашингтон штатындагы өзүнүн ээлигиндеги жерлерде бункер куруп алган деген дагы айың кеп бар.

Mayfield Fund фирмасынын кожоюну Тим Чан кийинки учурда чоң кырсык каптап кирип келсе жашынып калыш үчүн кыймылсыз мүлктү активдүү сатып алып жатканын New Yorker журналынын кабарчысына ачыктап айта кетти.

Сүрөттүн автордук укугу Trident lakes

Reddit компаниясынын негиздөөчүсү жана башчысы Стив Хаффман болсо өзүнүн көздөрүнө лазер койдурганы жатат.

«Эгер биздин дүйнөнүн күнү бүтсө, анда линза табуу чоң проблема болот»,-дейт ал.

Эмне болуп жатат?

Балким, бул табышмактын жандырмагын чечкенге Facebook компаниясынын мурдакы кызматкери Антонио Гарсиа-Мартинес жардам берер. Ал жакында эле Вашингтон штатындагы Оркас аралына көчүп барып, ошол жакта макалаларды жазып, ишкерлик боюнча кеп-кеңеш берип жүргөн чагы.

Өткөн жылы америкалык шайлоо өнөктүгү кызып турган мезгилде Мартинес Сиетл менен Ванкувердин ортосундагы аралдан беш акр жер сатып алды.

Ал биринчи кезекте күн батареяларын орнотуп, генераторлорду кошуп, бомбадан сактануучу жай куруп баштады жана өмүрүнүн акырына чейин жеткидей ок-дары камдап алды.

"Мен ошондой эле артезиан кудугун казып, насос дагы коюп алдым» -дейт ал.

Сүрөттүн автордук укугу ANTONIP GARCIA MARTINEZ

«Азыр көп акылдуу адамдар хай-текте бизди экономикада, технологияда абдан чоң өзгөрүүлөр күтүп турганын айтып жатышат. Бирок мен көпчүлүк анын кандай кесепети болорун туюп жатат деп ойлобойм. А биз түшүнүп жатабыз»,-дейт Мартинес.

Анын ишениминде, Кремний талаасында иштеп жаткан адамдар мындай нерселерди башкалардан артык көрө алышы мүмкүн.

"Бул мактангандай угулушу мүмкүн, бирок Сан-Францискодогу бул адамдар азыр келечек менен жашап жатат,-дейт ал. -Технологиялык эле эмес, экономикалык, жана социалдык көз караштан алганда да».

Ал эми келечектин кубантар түрү жок. Мартинестин айтымында, роботтор менен жасалма интеллект 20-30-жылдан кийин Америкада жумушчу орундардын жарымы жок болушуна алып келет. Бүтүндөй өнөр жай тармактары кандай тездик менен жоголсо, ошончолук социалдык жарылууга алып келет. Абдан чоң байлыгы бар адамдар азыртан эле ошол коркунучтун алдын алуунун аракетин көрүүдө.

Көп учурда алар аман калуунун аргасын жер алдындагы бункерлерди куруудан көрүп жатышат.

Америкалык Survival Condo компаниясы өзөктүк согуштан сактап кала турган кондоминиумдарды сунуш кылып жатканы белгилүү.

Аталган компаниянын негиздөөчүсү Ларри Холл мындай үйлөрдүн баасы төрт миллион доллар болорун, аларда бардык ыңгайлуулуктар, анын ичинде бассейин, бильяр жана китепканасы да бар экенин айтууда.

Сүрөттүн автордук укугу SURVIVAL CONDOS PROJECT

Холл бул идеяны 2001-жылы 11-сентябрдагы окуялардан кийин мындай бункерлерге суроо-талап жогорулаган учурда дароо эле ойлонуп баштаган.

"Ар бир табигый кырсыктан же конфликттен кийин мындай үйлөргө суроо-талап жогорулап чыгат»,-дейт Холл.

Бирок ал мындай үйлөрдү кимдер сатып алып жатканын айтуудан баш тартты.

Техаста азыр Трайдент Лейкс деп аталган бүтүндөй жер алдындагы айыл курулууда.

Бул айылды өзөктүк согуш жарыяланганда кереги тие турган өзүнчө бир өзгөчө жай катары реклама кылып жатышат.

Бул айылда керек болсо гольф, поло талаалары, спорт борбору, ошондой эле тик учак коно турган аянтчалар болот экен. Анын баары, албетте, кайтарыкта болот.

Британияда 1979-жылдан бери байлар менен кедейлердин ортосунда ажырым кескин жогорулады: элдин бир пайызын түзгөн эң байлар элдин жыйырма пайызына караганда 20 эсе көп байлыкка ээ болду.

Ал эми АКШда байлар менен кедейлердин ортосундагы теңсиздик маселеси андан бетер курч турат. Экономикалык изилдөөлөрдүн улуттук бюросунун маалыматы боюнча элдин бир эле пайызы 50% караганда 27 эсе көп табат.

Биздин күндөрдө эң бай адамдар бул жерде 81 эсе көп акча табышат.

2016-жылы New York Times газетасы байлык көп топтолгон жана турак жай баасы асмандаган Сан-Франциско шаарында үйсүз адамдар көп экенин жазып чыккан эле.

"Буга кошумча, коомдун саясий ажырымы да өсүп жатат. Социалдык тармактар биздин баарыбызды көр жемеден башы чыкпаган шордууларга айлантты",- дейт Антонио Гарсиа-Мартинес.

Анын айтымында, жарандык согуштар, массалык толкундоолор сыяктуу коркунучтар күчөп жатат.

Сүрөттүн автордук укугу Getty Images

Айтмакчы, роботтор, жасалма интеллект, социалдык балдар сыяктуу факторлор так ушул Кремний талаасында дал ушул техникалык прогрессти жылдырып жаткан компаниялар тарабынан жаралганын эстен чыгарбайлы.

Эми кайра эле ушул адамдар өздөрүнүн ишинин кесепеттеринен сактаныш үчүн дүйнөнүн ыңгайлуу булуң-бурчтарына кирип кетүүгө камынууда.

"Адамдар катуу кабатыр болуп жатат, мен муну түшүнөм,-дейт Мартинес. - Экономиканын бүтүндөй тармактарын бүлүндүргөн бул акмактар бизди социалдык тармактарга отургузуп, биздин демократиялык саясий процессибизди да бузушту. Эми шишик жарыла турган болгондо качып кетүүнү ойлоп жатышат».

Мартинес жалаң өзүнүн камын жеп жаткан жок. Ал келе турган кырсыктан аман калууну каалагандар баары биригип бир күч болуп, талап-тоноочу бандалардан коргонушу керек деп эсептейт.

Ал өзүнүн айткандарынын баары мээси айланып калган адамдын сөзү катары кабыл алынарын өзү да түшүнүп турат, бирок баары бир: "Эгер кыйсыпыр башталса, биз кошуун топтошубуз керек»,-деп оюн кайталайт.

Кыямат биз ойлогондон да эрте келиши мүмкүн. Эгер ошол күн келсе, андан аман калыш үчүн айрым бир баалуу көндүмдөргө ээ болушу керек. Мисалы, аскердик даярдык сөзсүз керек болот.

Анан, албетте, банктагы эсебиңде эки миллиард акчаң болсо, ал дагы жакшы. Ошондуктан коркпой эле коюш керек.

Тектеш темалар