Маниладагы кол салуудан кеминде 34 киши мерт кетти

Ок атышуу жана өрткө байланыштуу ызы-чуу коштолгон эвакуация болду. Сүрөттүн автордук укугу EPA
Image caption Ок атышуу жана өрткө байланыштуу ызы-чуу коштолгон эвакуация болду.

Филиппин баш калаасындагы Resorts World Manila отелиндеги казиного кол салуудан ондогон кишилер каза тапты.

Жергиликтүү маалымат каражаттары каза тапкандардын дээрлик көбү түтүнгө тумчугуп калганын жазууда. Болжолу имаратка кол салуу болгондон кийин өрт чыккан деп айтылып жатат.

Кол салган киши дагы мерт кеткен деп болжонууда. Бирок азырынча аны укук коргоо органдары ырастай элек. Айрым маалыматтарда ал полиция тарабынан атып өлтүрүлгөнү айтылса, кээ бир маалыматтарда өз жанын кыйганы кабарланды.

Кеч кирип калган учурда куралчан адам отелдин аймагына кирип келип ок чыгарган. Ал оюн столдорун өрттөп жиберген. Полиция кол салган кылмышкер жалгыз аракеттенген деп айтты. Полиция кол салуунун себеби тоноо максатында болушу мүмкүн экенин да териштирип жатат.

Сүрөттүн автордук укугу Reuters
Image caption Комплекс атайын кызмат тарабынан курчоого алынып, кол салган кишини жок кылуу операциясы бир нече саатка уланды.

Комплекс атайын кызмат тарабынан курчоого алынып, кол салган кишини жок кылуу операциясы бир нече саатка уланды. Буга чейин кол салуу жоопкерчилигин өздөрүн "Ислам мамлекети" атаган экстремисттик топ моюнуна алганы кабарланган эле.