АКШ глобалдык климат боюнча Париж келишиминен чыгарын жарыялады

Дональд Трамп Сүрөттүн автордук укугу Reuters
Image caption 2016-жылдагы президенттик шайлоо өнөктүгү учурунда Дональд Трамп глобалдык жылуулукка ишенбей турганын жана Париж келишиминен чыгарын бир нече ирет айтканы бар.

АКШ президенти Дональд Трамп 2015-жылы кабыл алынган глобалдык жылуулукка каршы туруу чаралары боюнча макулдашылган Париж келишиминен чыгарын жарыялады.

Ал өткөн жылы өзүнүн шайлоо өнөктүгүнүн жүрүшүндө шайлоочуларына ушундай чечим кабыл алуу убадасын бергени бар.

Муну менен Вашингтон глобалдык жылуулукка каршы туруу боюнча келишимге жетүүнүн жаңы сүйлөшүүлөрүн баштайт деп билдирди Трамп. Анын айтымында, бул келишим акыйкаттуу жана кошмо штаттарга пайдалуу болгон шартта кабыл алынышы керек.

"Бул келишим бир гана климат тууралуу эмес, дагы бир жагы башка өлкөлөр кошмо штаттардын эсебинен канчалык артыкчылык аларында",-деген Дональд Трамп, Париж келишими АКШга "ажыдаардай милдеттемелерди" жүктөп жатканын белгиледи.

Кытай менен Индияны мисал тартып, алар көмүр өндүрүшүн кеңейтип жатса, ошол эле учурда АКШ аны кыскартууга милдетүү болуп жатканын айтты. Париж келишиминдеги милдеттемелерин аткара турган болсо АКШ 2025-жылга 2,7 млн жумушчу орундарынан айрылат дейт Дональд Трамп.

БУУнун Жашыл климаттык фондунун дарегине дагы Трамп сындарды жаадырды. Бул фонд өнүгүп келе жаткан өлкөлөргө глобалдык климаттагы өзгөрүүлөрдүн кесепеттерин жеңилдетүү жана ага адаптация болуу үчүн жардам көрсөтүү максатында түзүлгөн. Трамп аталган фонд АКШ үчүн миллиарддаган долларга туруп жатканын, жакыр өлкөлөргө АКШ анысыз деле жардам көрсөтүп келе жатканын айтты.

Ошентип Трамп келишимден чыгууга мезгил келгенин шардана кылды. Бирок анын сынчылары бул чечими менен АКШ дүйнө коомчулугунун алдында турган олуттуу көйгөлөрдүн чечүүдөгү лидерлигинен баш тартты деп баалап жатышат.

«Биздин балдардын келечегинин кепилдиги»

Сүрөттүн автордук укугу Reuters
Image caption Трамп Кытай менен Индияны мисал тартып, алар көмүр өндүрүшүн кеңейтип жатса, ошол эле учурда АКШ аны кыскартууга милдетүү болуп жатканын айтты.

2016-жылдагы президенттик шайлоо өнөктүгү учурунда Дональд Трамп глобалдык жылуулукка ишенбей турганын жана Париж келишиминен чыгарын бир нече ирет айтканы бар.

Париж келишими көмүр кычкыл газын атмосферага чыгарууну чектөө милдеттенмелерин караган. Ошондой эле документте өнүгүп келе жаткан өлкөлөргө экология көйгөйүн чечүү үчүн 2020-жылга чейин 100 млрд доллар бөлүп берүү каралган болчу.

Климаттык өзгөрүүлөргө каршы туруу боюнча Париж келишимине 170 өлкөнүн өкүлдөрү кол койгон. Анын ичинде АКШ, Кытай, Орусия дагы бар.

Май айында "Чоң жетинин" саммити алдында БУУнун баш катчысы Антонио Гутерриш Дональд Трампты келишимден чыкпоого чакырган. Париж келишиминин ишке ашуусу үчүн дүйнөдөгү эң ири экономикасы бар кошмо штаттардын колдоосу өтө маанилүү деген баш катчы.

Реакциялар

Кытайдын премьер министри Ли Кэцян Париж келишиминин шарттарын аткарабыз деп айтты. Ал Германияга жасаган иш сапары учурунда климаттык өзгөрүүлөргө каршы күрөшүү Кытайдын кызыкчылыгына төп келерин белгиледи.

Орусия дагы өзүнүн милдеттемелерин аткара турганын айтып, бирок АКШнын чыгып кетиши келишимдеги программаларга таасирин тийгизерине көңүл бурууда.

Трамптын баш тартышына "Чоң жетинин" саммитинде Германия канцлери Ангела Меркель дагы нааразы болгон.

Франция президенти Эммануэль Макрон телефон аркылуу Трамп менен сүйлөшүүсүндө эки өлкөнүн кызматташтыгы улана берерин айтып, бирок климаттык өзгөрүүлөр боюнча маселеде кызматташтык токтой турганын белгилеген. Бул тууралуу Рейтер агенттиги Макронго жакын булактарга шилтеме берип жазды.

Улуу Британиянын премьер-министри Тереза Мэй келишимден чыгуу боюнча АКШнын чечимине нааразы болгонун билдирди.

АКШнын мурдагы президенти Барак Обама Ак үйдүн жаңы администрациясынын бул кадамын "келечектен баш тартуу" катары мүнөздөдү.

Tesla жана Space X компанияларын жетектеген, бизнесмен Илон Маск буга жооп кылып, президенттин кеңешчилигинен баш тартарын айтты.

«Климаттын өзгөрүүсү реалдуу. Париж келишиминен чыгуу Америка үчүн да, дүйнө үчүн дагы жакшы эмес",-деп жазды Маск «Твиттер» баракчасына. (AbA)

Тектеш темалар