"Коммерсант": "ИМ" Москва метросун жардырууну пландаган

Басылма

Өздөрүн "Ислам мамлекети" атаган экстремисттик топ Москвада бир катар терактарды кылууну пландаган. Бул тууралуу орусиялык "Коммерсант" басылмасы жазып чыкты.

Басылма чабуулдун бир бутасы Москва метросундагы "Теплый Стан" станциясы болушу мүмкүн экен эле деп жазат.

Сириядан келген буюрутма боюнча террорчулар жардыруулар аркылуу орус баш калаасында өтө турган футбол боюнча Конфедерация кубогун үзгүлтүккө учуратууну эсепке алышкан деп ырастайт басылма.

Макалада согушкерлер терактка даярдык боюнча сүйлөшүүлөрдү социалдык тармактар аркылуу кат алышуу менен жүргүзүшкөнү айтылган.

"Коммерсант" басылмасы 25-майда Орусиянын Федералдык коопсуздук кызматы Москванын Ново-Переделкино кичи районунда өздөрүн "Ислам мамлекети" атаган экстремисттик топтун төрт мүчөсүн кармаганын эске салат.

Алар ижарага алган батирдин бир бөлмөсү жардыргыч заттарды жасаган цех болуп калган дейт басылма. Ал жерден авто унаадагы өрт өчүрүү үчүн пайдаланылган каражатка жашырылыган даяр бомба табылган. Федералдык коопсуздук кызматынын эксперттеринин маалыматы боюнча дал эле ушундай бомба 3-апрелде Санкт-Петербург метросунда болгон жардырууда колдонулган.

Камакка алынгандар Москвадагы ишканалардын биринде жүк ташыгыч болуп иштегендер экени белгилүү болду. Алар Өзбекстандын жарандары Бухарадан келген Фуркат Кушаев жана Мухаммаюсуф Ашуров, Тажикстандын жараны Абдушүкүр Гулмирзаев жана дагестандык Магомед Давудов болгон деп жазды басылма. (AbA)

Тектеш темалар