Рио-де-Жанейро аэропортунда мыйзамсыз ташылып бараткан 60 автомат кармалды

Куралдар Рио-де-Жанейро эл аралык аэропортунун жүк жүктөгөн терминалында кармалды. Арасында Калашников үлгүсүндөгү 45 автомат бар. Сүрөттүн автордук укугу AFP
Image caption Куралдар Рио-де-Жанейро эл аралык аэропортунун жүк жүктөгөн терминалында кармалды. Арасында Калашников үлгүсүндөгү 45 автомат бар.

Бразилиянын полициясы бассейн жылыткычтарына жашырылып мыйзамсыз ташылып бараткан 60 автоматты колго түшүрдү. Маалыматтарга караганда куралдар американын Майами аймагынан мыйзамсыз чыгарылып келген.

Куралдар Рио-де-Жанейро эл аралык аэропортунун жүк жүктөгөн терминалында кармалды. Арасында Калашников үлгүсүндөгү 45 автомат бар.

Иликтөөнүн жүрүшүндө полиция төрт кишини камакка алды.

Жергиликтүү маалымат каражаттары бул өлкө тарыхындагы мыйзамсыз ташылып баратып кармалган эң ири курал-жарак болуп калды деп жазууда.

Сүрөттүн автордук укугу AFP
Image caption Бразилиянын бийлиги рентген сүрөттөрүн жарыялады. Анда жылыткычтар салынган контейнерге жашырылган куралдар көрүнүп эле турат.

Бразилиянын бийлиги рентген сүрөттөрүн жарыялады. Анда жылыткычтар салынган контейнерге жашырылган куралдар көрүнүп эле турат.

Болжолу бул ок атуучу куралдарды Бразилиянын көмүскө рыногуна сатуу үчүн алып келе жатышкан. Көмүскө рынокко бул партия өтүп келчү болсо, бир жарым миллион долларга сатылыш мүмкүн эле. Тергөө куралды Майамиден ким жөнөткөнүн аныктоого аракет кылып жатат.

Бразилиянын коопсуздук кызматы куралдар баңги картелдердин жана өлкөнүн ири шаарларындагы жакыр райондорду көзөмөлдөгөн кылмыштуу топтордун колуна түшүп калбасы үчүн ийгиликтүү жылыштарды жасап жатат. (AbA)

Тектеш темалар