Путинге кол салуу даярдаган деп айыпталган Осмаевге ок атылды

Осмаев Сүрөттүн автордук укугу unian
Image caption Осмаев Киевдин борбордук бөлүгүндө болгон кол салуудан оор жарадар болду.

Украинанын баш калаасы Киевде теги чечен Адам Осмаевге ок атылды.

Адам Осмаев 2012-жылы орус бийлиги тарабынан президент Владимир Путинге кол салууну даярдаган деп айыпталган. Ал учурда Осмаев сыртынан камакка алынып, өзү болсо Украинада калып, андан кийин Донбасстагы куралдуу жаңжалга аралашып жүргөн.

Осмаев Киевдин борбордук бөлүгүндө болгон кол салуудан оор жарадар болду. Украинанын Ички иштер министрлигинин өкүлү Артем Шевченконун айтымында, кол салган шектүү өзүн "чет элдик журналист катары көрсөтүп", Осмаев менен жубайы Амина Окуеванын ишенимине кирген деп айтты.

"Болжолу ал интервью алам деп, ага жакын келгенде пистолеттен ок чыгарып, Адамды жарадар кылган", -деп жазды Шевченко "Фейсбук" баракчасына.

Осмаевдин жубайы өзүн коргоо максатында кол салган кишиге ок атып, аны да жарадар кылган деп кошумчалады ИИМ өкүлү. Азыр экөө тең оор абалда ооруканага жеткирилген.

Кийинчерек "112 Украина" телеканалына Шевченко, кол салган шектүүнүн дагы, Осмаевдин дагы өмүрүнө чоң коркунуч жок экенин дарыгерлер билдирди деп айтты.

Маалыматтарга караганда ок аткан кишинин жанында украин паспорту болгон. Анда ал "өткөн жылы Орусия менен Беларуссиянын чек арасын кесип өткөнү" көрсөтүлгөн.

ИИМ ок атуу унаанын ичинде болгонун кабарлады. Окуя болгон жерден үч пистолет табылган. Экөө Макаров үлгүсүндөгү, бирөө "Глок" деп аталган пистолет. Окуя боюнча кылмыш иши козголду. Айрым маалыматтарда Осмаев оор жаракат алып, реанимацияда жатканы айтылууда.

Путинге кол салуунун таржымалы

2012-жылы Осмаев Украинанын укук коргоо органдары тарабынан жардырууга шектелип Одессада кармалган. Ага "террордук уюм түзгөн" жана "теракт даярдаган" деген берене менен кылмыш иши козголот.

Үч апта өткөндөн кийин орусиялык "Биринчи канал" Осмаев өнөктөшү Илья Пьянзин менен 4-марттагы шайлоодон кийин дароо Владимир Путинге кол салууну пландаганы тууралуу кабарлаган.

Осмаев Одессада кармалган учурдагы суракта эгерде бул кылмышты моюнуна албаса көзүн тазалашарын айтып коркутушкан деп билдирип чыккан. Кийин Орусиянын соту 2012-жылы апрелде Осмаев менен Пьянзинди оор беренелер менен сыртынан соттогон. Ушул эле жылы Одессанын соту Осмаевди экстрадициялоо чечимин чыгарган. Сот чечимин Европанын адам укуктары боюнча соту жокко чыгарып, өз чечимин Орусияда Осмаевди кыйноого алышат деп түшүндүргөн эле.

2013-жылы сентябрда Пьянзин Орусиянын соту тарабынан он жылга эркинен ажыратылат.

2014-жылы 18 ноябрда Одессанын соту Осмаевди камактан бошоткон. Кийин ал " Жохар Дудаев атындагы эл аралык батальон" дегенди жетектейт. Анын жубайы дагы күйөөсү камалгандан кийин басылмаларга курч сын-пикирлер менен чыгып жүрүп, ушул уюшулманын өкүлү болуп калган эле.

Адам Осмаев менен Амина Окуева Украина чыгышындагы аскердик операцияларга катышып, "Киев-2" деп аталган полиция батальонунда кызмат кылышкан.

Тектеш темалар