Лондондогу кол салуу боюнча белгилүү болгон жагдайлар

полиция Сүрөттүн автордук укугу Getty Images

Ишембиде түндөсү Лондондо оор жүк тарткан унаа жөө бараткан бир нече кишини сүздүрүп кеткен. Көп өтпөй эле бул белгисиз кишилер Боро Маркет районунда көчөдөн өтүп бараткандарга бычак менен кол салышкан.

Расмий маалыматтарга караганда кеминде алты киши мерт кетип, ондогондору жаракат алды. Кол салгандар үчөө болгон деп маалымдады полиция. Бул окуя боюнча учурда белгилүү болгон жагдайлар:

Ак фургон

3-июнь күнү жергиликтүү убакыт боюнча саат 22:08 чамасында (Кыргызстан убактысы боюнча 4-июнь 03:08) Лондон көпүрөсүндөгү окуяга күбө болгондор полицияга жана тез жардам кызматына кабар беришкен. Алар ак фургон жөө бараткан кишилерди сүздүрүп кеткенин айтышкан.

Дал ушул учурда көпүрөдө Би-би-си кабарчысы Холли Жонс дагы бараткан экен.

"Ак фургондун айдоочусу саатына болжолу 80 чакырым ылдамдык менен келип, тротуарга кайрылып, топ кишилерди сүздүрдү",-деп айтып берди ал.

Сүрөттүн автордук укугу Getty Images
Image caption Лондон убактысы боюнча таңкы төрттө гана полиция атайын операциянын жүрүшүндө куралдуу үч шектүү жок кылынганын тастыктады.

Каза тапкандардын так саны боюнча полиция дароо эле айткан жок. Sun басылмасы жети киши деп жазып чыккандан кийин гана полиция алты киши мерт болгонун тастыктады. Жабыр тарткандар кеминде 30 киши деп айтылып жатат. Иш жүзүндө мындан да көп болушу мүмкүн.

Бычакчан үчөө

Көп өтпөй Транспорт полициясы фургондон сырткары бычактар менен кол салуу болгонун кабарлады. Көпүрөнүн жанындагы Боро Маркет районуна жете келген ушул эле белгисиз кишилер көчөдөгү адамдарга бычак менен кол салышкан.

Окуянын күбөлөрү алар ак фургондон чыгышканын көрүшкөн. Алар үчөө болгон. Кийин ал жерге куралдуу полиция жете келип, ок атышуулар орун алды. Ушундан кийин полиция бул окуяларды теракт деп атады.

Жардыргыч муляжы

Сүрөттүн автордук укугу GABRIELE SCIOTTO
Image caption Социалдык тармакта шектүүлөрдүн бири өлүп жаткан сүрөт чыгып кетти.

Башында фургондун айдоочусу кишилерди сүздүрүп кеткенден кийин эле кармалды деп айтылган. Күбөлөр полиция болжолу бир кишинин колуна кишен салып кармап жаткандай болгон деп айтышкан экен. Бирок кийин бул маалымат жалган экени ачык болду. Биринчи кол салуу болгон жерден алар из жашырып кетишкен.

Экинчи кол салуудан кийин гана полиция шектүүлөр үчөө экенин айтып, издөө иштери жүрүп жатканы менен кабардар кылды. Мунун артынан эле Sun басылмасы полиция шектүүлөрдүн бирин атып өлтүргөнү боюнча маалыматты жарыялады. Социалдык тармакта шектүүлөрдүн бири өлүп жаткан сүрөт чыгып кетти.

Сүрөттө жансыз жаткан киши колго жасалган жардыргыч менен курчанып алгандай көрүнүп турат. Автор болсо ал муляжка окшош деп жазган. Бирок полиция көпкө чейин шектүүлөр тууралуу эч кандай маалымат берген жок.

Лондон убактысы боюнча таңкы төрттө гана полиция атайын операциянын жүрүшүндө куралдуу үч шектүү жок кылынганын тастыктады. Полиция аларда чыны менен жанкечтинин муляж куру болгонун тастыктады.

Азыр эмне болуп жатат?

Сүрөттүн автордук укугу Getty Images
Image caption Боро Маркет районундагы пабдардагы жана ресторандардагы кишилерди полиция үйлөрүнө таратты.

Көпүрөнүн жака-бели жана Боро Маркет району полициянын курчоосунда турат. Би-би-си кабарчысы Том Симондс операция болжолу жыйынтыкталып жатканы боюнча маалымат берди.

Лондондо поездердин кыймылы чектелди. Боро Маркет районундагы пабдардагы жана ресторандардагы кишилерди полиция үйлөрүнө таратты.

Ошондой эле полиция Темза дарыясына бирөө жарым кол салуу учурунда секирип кеткен жокпу деп издөө иштерин жүргүзүп жатат.

Азырынча кол салуу жоопкерчилигин эч бир террордук уюм өзүнө алган жок.

Биртан бийлиги жана көптөгөн дүйнөлүк лидерлер окуяны айыптап, каза тапкандардын жакындарына көңүл айтты.

Сүрөттүн автордук укугу Getty Images

Үч ай ичиндеги үчүнчү теракт

Бул соңку үч ай ичиндеги Британияда болуп жаткан үчүнчү теракт.

22-мартта парламент имаратынын жанында болгон кол салуудан алты киши, анын ичнде кол салган шектүү да каза тапкан. Кеминде 50 киши жаракат алган.

Кол салууну ишке ашырган Халид Масуд Вестминстер көпүрөсүндө унаа менен кишилерди сүздүрүп, андан соң бычак көтөрүп парламент имаратын көздөй жөнөгөн. Ал жерде күзөттө турган полиция тарабынан атып өлтүрүлдү.

22-майда Манчестер-Аренада" жардыруу болуп, 22 киши каза таап, 11 киши жаракат алды. Окуя "Манчестер-аренадагы" концерттик залда америкалык поп-ырчы Ариана Гранденин концерти жыйынтыкталып жаткан учурда болгон.

Кол салган 22 жаштагы Салман Абеди колго жасалган жардыргычты жардырып жиберген. (AbA)

Тектеш темалар