ЧЛ финалы "Реал" - "Ювентус" фактылар жана сандар

Мадриддик "Реал" футбол командасы Чемпиондор лигасынын финалында туриндик "Ювентусту" 4:1 эсебинде утуп алды. Сүрөттүн автордук укугу AFP

Мадриддик "Реал" футбол командасы Чемпиондор лигасынын финалында туриндик "Ювентусту" 4:1 эсебинде утуп алды.

Муну менен "Реал" 1990-жылдан бери аталган чемпионатты катарынан эки жыл утуп алган биринчи футболдук клуб болуп калды.

"Ювентус" беттешти жигердүү баштап, катуу чабуул жасап кирген. Бирок эсепти беттештин 20 минутасында Криштиану Роналдунун голу менен "Реал" ачты.

Жети минута өткөндөн кийин "Ювентус" Манджукичтин тепкен тобу менен эсепти теңеди.

Оюндун экинчи бөлүгү мадриддик команданын үстөмдүгү менен өттү. Экинчи топту бразилиялык Карлос Касемиро 61 минутада дарбазага жолдосо, үч минутадан кийин Роналду дагы бир гол киргизди.

Сүрөттүн автордук укугу Getty Images
Image caption "Ювентус" Манджукичтин тепкен тобу менен эсепти теңеди.
Сүрөттүн автордук укугу EPA
Image caption Криштиану Роналду эки голдун автору болду.

Төртүнчү топту Буффон өз дарбазасынан 90-минутада алып чыкты. Голдун автору Марко Асенсио болду.

"Реал" 1990-жылдан бери аталган чемпионатты катарынан эки жыл утуп алган футболдук клуб болуп калды.

"Реал" Европадагы эң кадыр-барктуу эсептелген бул кубокту 12-жолу утуп алды. Соңку төрт жылда аталган команда үчүнчү ирет финалга чыкты.

Сүрөттүн автордук укугу AFP
Image caption Чемпиондукту майрамдоо сэлфисиз болгон жок.

"Ювентус" Чемпиондор лигасынын сегиз финалында болуп, эки гана жолу жеңип алган. Бул беш жолу финалга чыккан командалардын ичинен эң начар көрсөткүч эсептелет.

Бирок бул жылы "Ювентус" финалга чейин такыр жеңилбеген жалгыз команда болуп калды. Тогуз жолу жеңишке жетишип, үч жолу тең чыгып калган.

Мунун менен "Ювентус" мадриддик "Атлетикодон" (2013-14) кийинки эле, бир да жолу жеңилбей финалга жеткен команда катары футбол тарыхына кирди.

Сүрөттүн автордук укугу AFP
Image caption Бирок бул жылы "Ювентус" финалга чейин такыр жеңилбеген жалгыз команда болуп калды.

Чемпиондор лигасынын тарыхында бир гана команда - "Манчестер Юнайтед" 2007-08-жылдагы сезондо бир жолу да жеңилбей кубокту утуп алган команда катары тарыхта калган.

Европалык беттештерде ушуну менен "Реал" - "Ювентус" бири-бири менен 19-ирет жолукту. "Реал" эң көп мюнхендик "Баварияга" каршы (24 жолу) ойногон.

"Реалдын" башкы машыктыруучусу Зинедин Зидан беттештин алдында командасын фаворит атап жатышканы менен иш жүзүндө андай эмес деп айткан.

"Биз финалдагы чыңалуу кандай болорун жакшы билебиз. Биз ар дайым фаворитпиз. Бирок финалда фаворит болбойт",-деди Зидан беттеш алдындагы басма сөз жыйынында. (AbA)

Тектеш темалар