Лондондогу теракттын жоопкерчилигин "ИМ" тобу өзүнө алды

Кол салуу Лондон көпүрөсүндө орун алды. Сүрөттүн автордук укугу EPA
Image caption Кол салуу Лондон көпүрөсүндө орун алды.

Өздөрүн "Ислам мамлекети" атаган экстремисттик топ Лондондогу жети адамдын өмүрүн алган кол салуунун жоопкерчилигин өзүнө алды.

Бул тууралуу жихадчылар өздөрүнө жакын Амак маалымат агенттиги аркылуу билдирген. Мунун алдында британ полициясы кол салгандардын өздүгү такталганын кабарлап, бирок аларды ачык айткан эмес эле.

"Ислам мамлекети" экстремисттик тобу Европада болгон террордук актылардын өзүнө алган учур көп. Айрым учурда кол салгандар менен экстремисттик топтун ортосунда байланыш аныкталбаса да жоопкерчиликти өзүнө алып алган учурлары катталган.

Алардын соңку билдирүүсү боюнча Британиянын бийлиги жана полициясы эч кандай реакция кылган жок.

Ишембиде түндөсү Лондондо оор жүк тарткан унаа жөө бараткан бир нече кишини сүздүрүп кеткен. Көп өтпөй эле бул белгисиз кишилер Боро-Маркет районунда көчөдөн өтүп бараткандарга бычак менен кол салышкан. Полиция кол салгандар үчөө экеинн кабарлаган болчу. Атайын операциянын жүрүшүндө шектүүлөрдүн баары өлтүрүлдү.

Алар жанкечтинин муляж курун тагынып алышкан деди полиция. Полициянын террорго каршы күрөшүү бөлүгүнүн жетекчиси Марк Роулинин айтымында сегиз полиция кызматкери кол салгандарды көздөй 50 жолу ок аткан. Полицияга кол салуу боюнча кабар түшкөндөн баштап аларды жок кылууга чейин сегиз гана минута убакыт кеткен.

Тектеш темалар