Текебаев менен Чотоновдун соту бейшембиде уланат

Жактоочулар президентти күбө катары чакырууну өтүнүштү
Image caption Жактоочулар президентти күбө катары чакырууну өтүнүштү

Бишкек шаардык Биринчи май райондук соту оппозициялык "Ата Мекен" партиясынын лидери, депутат Өмүрбек Текебаев менен ушул партиянын мүчөсү мурдагы элчи жана ӨКМ министри Дүйшөнкул Чотоновдун ишин карады.

Текебаевдин жактоочусу Чынара Жакупбекова күбө катары Аида Салянова баш болгон бир катар күбөлөрдү да чакырууну өтүндү. Сот муну карап чыгууга үч күн керек деди.

Жабдыгыңыз медианын бул түрүн ойнотууга ылайыктуу эмес.
Текебаев менен Чотоновдун соту өттү

Айыпталуучулар менен жактоочулар сегиз томдон турган тергөө материалдары менен таанышууга убакыт аз берилгенин айтып, соттон эки апта сурашты. Алар материал менен таанышууга убакыт мыйзамда чектелбесин жүйө келтиришти.

Мамлекеттик айыптоочу айыпталуучу тараптын материал менен таанышуу учурларын келтирип, убакыт атайын создуктурулуп жатканын айтты жана бул учурда убакытты чектөө мыйзамдуу деди.

Image caption Жактоочулар президентти күбө катары чакырууну өтүнүштү

Натыйжада сот материал менен кошумча таанышууга бейшембиге чейин убакыт берди.

Дагы бир жактоочу Канат Хасанов убактылуу өкмөттүн көпчүлүк мүчөлөрү күбө катары өтүп жаткандыктан, сотко күбө катары президент Алмазбек Атамбаевди чакыртууну сунуш кылды. Айыптоочу ага негиз жок деди.

Соттун биринчи жыйыны ачык өттү. Бүгүнкү отурумда сот жыйындары кыргызча, ачык болору чечилди, бирок кийинкиден тарта видеого тартууга чек коюлду.

Текебаев үч айдан бери камакта жатат. Ал 26-февралда чет өлкөдөн иш сапарынан кайтып келген учурда "Манас" аба майданынан кармалып, камакка алынган эле.

Текебаевге көз боёомочулук жана коррупция беренелери боюнча кылмыш иши козголгон. Тагыраагы ал орусиялык ишкерди "Мегаком" компаниясын башкарууга кошуп жана ага калканыч болуп берем деп бир миллион доллар алган деп айыпталууда.

Ошондон бери бир нече ирет нааразылык жүрүштөрүн өткөргөн Текебаевдин тарапкерлери козголгон кылмыш ишин саясий куугунтук катары баалап келе жатышат.

Тектеш темалар