Беш араб өлкөсү Катар менен дипломатиялык мамилесин үздү

Катардын расмийлери терроризмди колдойт деген айыптоолорду четке кагып, алардын үстүнөнөн каралоо өнөктүгү жүрүп жатканын билдирген. Сүрөттүн автордук укугу Getty Images
Image caption Катардын расмийлери терроризмди колдойт деген айыптоолорду четке кагып, алардын үстүнөн каралоо өнөктүгү жүрүп жатканын билдирген.

Сауд Аравиясы, Египет, Бахрейн, Йемен жана Бириккен Араб Эмираттары чөлкөмдөгү дестабилизация үчүн айыптап, Катар менен дипломатиялык мамилесин үзүп салды.

Бул беш өлкө Катарды террордук топторду, анын ичиндеги "Мусулман агайындар" кыймылын колдойт деп айыптап жатышат.

Саудиялык мамлекеттик SPA маалымат агенттиги Эр-Рияд Катар менен чек арасын жаап, аба, жол, суу каттамдарындагы билдирүүлөрүн токтотконун жазды. Агенттик расмий кишилерге шилтеме берип, "бул аракет улуттук коопсуздукту терроризм жана экстремизм коркунучунан коргоо" максатында болгонун кабарлады.

Египет дагы Катар менен суудагы жана аба каттамдарындагы билдирүүлөрүн үздү деп билдирди өлкөнүн Тышкы иштер министрлиги.

Бириккен Араб Эмираттары дипломаттарын чыгарып кетүү үчүн Катарга 48 саат убакыт берди. Абу-Даби Катарды терроризм, экстремизмди, сектанттык уюмдарды колдойт жана каржылайт деп айыптоодо. Бул тууралуу мамлекеттик WAM агенттиги жазды.

Бахрейндин мамлекеттик маалымат агенттиги тараткан кабарда Катар өлкөнүн ички ишине аралашып, коопсуздукка жана стабилдүүлүккө коркунуч келип жаткандыктан дипломатиялык мамлесин үзгөнү тууралуу айтылат.

Бул беш араб өлкөсүнүн дипломатиялык мамилесин үзгөнүнө Доха азырынча расмий реакция жасай элек. Буга чейин Катардын расмийлери терроризмди колдойт деген айыптоолорду четке кагып, алардын үстүнөн каралоо өнөктүгү жүрүп жатканын билдирген. (AbA)