Лондон көпүрөсүндөгү кол салуу боюнча камакка алуулар

Британ полициясы Сүрөттүн автордук укугу PA

Британ полициясы дүйшөмбү күнү таң атпай катарынан рейддерди өткөрүп, Лондондун борбордук бөлүгүндөгү жети адамдын өмүрүн алган кол салууга катыштыгы бар деп бир нече кишини камакка алды.

Шектүүлөр Лондондун Ньюэм жана Баркинг райондорунан кармалган. Ошондой эле полиция кол салууну ишке ашырган үч кишинин өздүгү аныкталганын, жакында ысымдарын ачыкка чыгара турганын айтты.

Кол салуу учурунда каза тапкандардын дагы ысымдары айтыла баштады. Кол салуудан каза тапкандардын бири канадалык Крисси Арчибальд болгон деди полиция. Буга чейин полиция кол салуудан мерт кеткендердин биринин дагы ысымын атаган эмес эле.

Сүрөттүн автордук укугу Reuters
Image caption Кол салуудан каза тапкандардын бири канадалык Крисси Арчибальд болгон деди полиция.

Канаданын премьер-министри Жастин Трюдо мерт кеткендердин бири канадалык экенин билдирип чыкканы бар. Каза тапкан кыздын жакындары ал Европага өзүнүн сүйлөшүп жүргөн жигитине келген эле деп айтышкан. Лондонго келгенге чейин ал Канадада кайрымдуулук уюмунда иштеген.

Ишембиде түндөсү Лондондо оор жүк тарткан унаа жөө бараткан бир нече кишини сүздүрүп кеткен. Көп өтпөй эле бул белгисиз кишилер Боро-Маркет районунда көчөдөн өтүп бараткандарга бычак менен кол салышкан. Полиция кол салгандар үчөө экеинн кабарлаган болчу. Атайын операциянын жүрүшүндө шектүүлөрдүн баары өлтүрүлдү. Алар жанкечтинин муляж курун тагынып алышкан деди полиция.

Расмий маалыматтарда жети киши каза тапканы айтылды. Ондогон кишилер жаракат алган. Каза тапкандардын экөө гана чет өлкөлүктөр - Франция жана Канаданын жараны. Жаракат алгандардын арасында төрт полиция кызматкери бар.

Тергөөнүн жүрүшүндө 12 киши камакка алынды.

Өздөрүн "Ислам мамлекети" атаган экстремисттик топ Лондондогу жети адамдын өмүрүн алган кол салуунун жоопкерчилигин өзүнө алган. "Ислам мамлекети" экстремисттик тобу Европада болгон террордук актыларды өзүнө алган учур көп. Айрым учурда кол салгандар менен экстремисттик топтун ортосунда байланыш аныкталбаса да жоопкерчиликти өзүнө алып алган учурлары катталган. Алардын соңку билдирүүсү боюнча Британиянын бийлиги жана полициясы эч кандай реакция кылган жок. (AbA)

Тектеш темалар