Украина адабияты китепканасынын мурдагы жетекчиси соттолду

Шарина чечимди саясый мүнөздө болду деп, айыптоолорду четке какты. Сүрөттүн автордук укугу ANTON NOVODEREZHKIN/TASS
Image caption Шарина чечимди саясый мүнөздө болду деп, айыптоолорду четке какты.

Москванын Мещанск райондук соту Украина адабияты китепканасынын мурдагы директору Наталья Шаринаны экстремизм боюнча жана каражатты максатсыз короткон деген айыптоолор менен күнөлүү деп таап, төрт жылга шарттуу түрдө эркинен ажыратты.

Шаринаны Орусияны жек көрүмдү кылган китептерди тараткан деп айыпташкан. Соттун өкүмүндө экс-директордун аракети "улуттук жек көрүүнү жана кастыкты козутуу катары" каралган.

Судья Шаринанын үй камагынан бошотуп, шарттуу түрдө төрт жылга эркинен ажыратуу өкүмүн угузду. Сотто айыпталуучу чечимди саясый мүнөздө болду деп, айыптоолорду четке какты.

"Бул саясый иш. Мен 35 жыл китепканачы болуп иштедим. Көрүнүп тургандай, китепкананы жок кылуу пайдалуу болду. Китепканага өкүндүм",-деди Шарина.

Ошондой эле ал китепканада эч кандай экстремисттик маанайдагы китептер болбогонун айтып, 16 китепти атайын таштап кетишкен деп билдирүү жасады.

Жактоочулар Шаринанын актоо чечимин чыгарууну өтүнүшкөн. Эми сот чечими боюнча доо арыз менен кайрылууну пландап жатышканын aдвокат Иван Павлов билдирген.

Прокурор Людмила Баландина сот жүрүшүндө 59 жаштагы Шаринанын жаш курагын, мурда кылмыш жоопкерчилигине тартылбаганын эске алып, шарттуу беш жылга эркинен ажыратууну сураган.

Наталья Шарина 2015-жылы октябрь айында китепканада тинтүү жүргүзүлгөндөн кийин кылмыш иши козголуп, үй камагына алынган эле.

Тергөөдө Шарина Орусияда ишмердүүлүгүнө тыюу салынып, экстремисттик деп таанылганган украиналык УНА-УНСО улутчул партиясынын мүчөсү Дмитро Корчинскийдин китебин китепканага коюп алганы айтылган.

Айыптоолордо жалпысы 25 китеп тууралуу кеп болуп жатат. Эксперттер алардын мазмунунда экстремисттик багыттар бар деп тапкан. Экс-директорду ошондой эле 2,2 млн рубль (38,8 миң доллар) каражатты максатсыз короткон деп айыпташкан.

Тектеш темалар