Лондондо теракт уюштурган эки адамдын ысымы аталды

Хурам Батт жана Рашид Редуан Сүрөттүн автордук укугу Met Police
Image caption Хурам Батт жана Рашид Редуан

Полиция Лондон көпүрөсүндө кол салган үч адамдын экөөнүн ысымын жарыялады.

Алар Пакистанда төрөлгөн Британиянын жараны Хурам Батт жана Марокко-Ливияда туулуп-өскөн Рашид Редуан деп аталды. Чабуулду уюштурду деп айтылган эки киши Лондондун Баркинг аймагынын тургундары болчу.

27 жаштагы Хурам Батты полиция жана чалгын кызматы көзөмөлгө алганын, бирок, 3-июндагы чабуул тууралуу эч маалыматы жок болгону айтылууда.

Полициянын тинтүү иштеринен кийин камакка алынган 12 адам бошотулду. Аларга эч айып тагылган жок.

Ишембиде түнү Лондондо оор жүк тарткан унаа жөө бараткан бир нече кишини сүздүрүп кеткен. Көп өтпөй унаадан чыккан кишилер Боро-Маркет районунда көчөдөн өтүп бараткандарга бычак менен кол салышкан. Атайын операциянын жүрүшүндө шектүүлөрдүн баары өлтүрүлгөн. Алар жанкечтинин муляж курун тагынып алышканы дагы айтылууда.

Сүрөттүн автордук укугу PA

Расмий маалыматтарга ылайык жети киши каза таап, 48 адам жаракат алды.

Өздөрүн "Ислам мамлекети" деп атаган экстремисттик топ Лондондогу кол салуунун жоопкерчилигин өзүнө алган. Айтылган экстремисттик тобу Европада болгон террордук актыларды өзүнө алган учур көп. Айрым учурда кол салгандар менен экстремисттик топтун ортосунда байланыш аныкталбаса да жоопкерчиликти өзүнө алып алган учурлары катталган. (AT)