Катардын коңшулары аба мейкиндигин жабышты

Man walking past window with reflection of Qatar Airways plane in Riyadh, 6 June Сүрөттүн автордук укугу AFP

Дипломатиялык чыңалуудан кийин Египет Катардын компанияларына аба мейкиндигине кирүүгө тыюу салды. Сауд Арабиясы менен Бахрейн дагы бул кадамга барат деп күтүлүүдө.

Жакынкы Чыгыштагы бир нече мамлекет Катар террористтик топторду колдойт деген жүйө келтирип, дипломатиялык мамилелерин үздү.

Бахрейн, Сауд Арабия жана Бириккен Араб Эмирлигиндеги Катардын жарандарына эки аптанын ичинде өлкөдөн чыгып кетүү буйругу да берилди.

Катар террористтик уюмдарды колдойт деген айыптарды четке кагып, Тышкы иштер министрлиги коңшу мамлекеттерди "диалог жана ачыктыкка" чакырды.

Катар мамлекетинин алсыздандыруу аракетинин курмандыгы болуп жатканын белгилешүүдө.

Сүрөттүн автордук укугу FlightRadar24.com
Image caption Учак каттамдарга байкоо салган FlightRadar24 интернет баракчасы шейшемби күнү Катар Аба жолдорунун учактары мурункуга салыштырмалуу аз учуп жатканын көрсөттү.

Бирок чөлкөмдөгү абал көптөн бери чыңалууда. Катардыктар коңшулаш мамлекеттерге салыштырмалуу өзгөчө тышкы саясатты карманып келген.

Мисалы Жакынкы Чыгыштагы Египет жана Сауд Арабиянын жетекчилиги "Мусулман агайындар" кыймылын жек көрүп, ага тыую салса, Катар айтылган топту колдоп келген.

Буга чейин чөлкөмдөгү мамлекеттер Катарды саясатын өзгөртүүгө үндөгөн, бирок, ал аракеттер натыйжасыз жыйынтыкталган.

Эмнеге бул кадамга азыр барышууда?

Ага бир четинен президент Трамп алып келген өзгөрүүлөр себеп болду. АКШнын жетекчиси Жакынкы Чыгыштагы кыйынчылыктарды Сауд Арабия жана Бириккен Араб Эмирлиги менен чогу чечүүнү көздөйт.

Сүрөттүн автордук укугу AFP
Image caption Катар азык-түлүктөрдү негизинен коңшу мамлекеттерден импорттойт.

Сауд Арабия жана Араб Эмирлиги Катарга кескин белги бергиси келди. Катардын кайчылаш көз карашына башка жол берилбейт деген белги.

Учурда Катардын бийлиги обочодо калганы бышык. (AT)