Катардын коңшулары менен мамилесинин бузулушу эмнеге алып келет?

Qatar Airways улуттук авиакомпаниясы Сүрөттүн автордук укугу Reuters

Сауд Арабиясы, Египет, Бахрейн, Бириккен Араб Эмираттары, Ливия жана Йемен коңшулаш Катар менен дипломатиялык мамилелерин үздү. Бул эми Катардын экономикасына, бизнеске кандай таасирин тийгизиши мүмкүн?

Катардын калкынын саны болгону 2,7 миллион. Бирок Араб жарым аралынын түндүк-чыгышында бул өлкөнүн таасири чоң.

Катар дүйнөгө өзүнүн Qatar Airways улуттук авиакомпаниясы жана эл аралык «Аль-Жазира" телеканалы менен белгилүү. Ошондой эле спорт менен да таанылды десе болот. Анткени 2022-жылы футбол боюнча Дүйнө чемпионатын өткөрөт. Дүйнөдөгү эң белгилүү "Барселона" футбол клубун каржылап келүүдө.

Соңку жылдары Катардын баш калаасы Дохада жаңы имарттар курулуп, бир катар чет элдик компаниялар офистерин ачкан. Сауд Арабиясы баштаган коңшулары менен мамилесинин бузулушу Катарга тескери кесепеттерин тийгизиши мүмкүн.

Абу-Дабиден учуп келген Etihad Airways авиакомпаниясына таандык каттамдар шейшембиден тарта Катарга учуусун токтотту. Күн сайын Дохага барып-келген төрт каттам бар эле. Ошондой эле бюджеттик авиакомпания FlyDubai жана анын артынан бахрейндик Gulf Air жана египеттик Egyptair каттамдарын токтотот.

Сауд Арабиясы, БАЭ, Бахрейн жана Египет Катар менен аба билдирүүлөрүн толук үзүп, катардык учактар үчүн өздөрүнүн аба мейкиндиги жабык экенин билдирди.

Qatar Airways үчүн бул олуттуу чыгымдарга алып келчү көрүнүш. Биринчиден, Дубай, Абу-Даби, Эр-Рияд жана Каирге болгон күн сайынкы ондогон каттамдарды токтотууга туура келет.

Экинчиден, аба мейкиндигиндеги чектөөлөр авиакомпанияны мурдагы багыттарын өзгөртүүгө аргасыз кылат. Көп каттамдардын учуу убактысы узарышы мүмкүн. Бул албетте, жүк тартып келгендер үчүн көйгөй жаратып, ашыкча чыгымдарга алып келет. Жүргүнчүлөрдүн нааразылыгын жаратышы мүмкүн.

"Эгерде мурда Европага сапар алты саат убакытты алса, азыр учуу багыттары өзгөргөнүнө байланыштуу 8-9 саат болуп калат. Бул эми мурдагыдай жүргүнчүлөрдү өзүнө тартпашы мүмкүн. Алар башка аба каттамдарына кайрылышат»,-дейт Cornerstone Global консалтинг компаниясынын жетекчиси Ганем Нусейбе.

Азык-түлүк кымбаттайт

Image caption Катардын кургак аркылуу негизги чектешкен өлкөсү бул - Сауд Аравиясы.

Катардын бир топ аймагы чөлдөн турат. Чөлдө азык-түлүк азыктарын өндүрүүгө болбой турганы белгилүү да. Катардын кургак аркылуу негизги чектешкен өлкөсү бул - Сауд Арабиясы.

Күн сайын бул чек араны азык-түлүк тарткан жүздөгөн оор жүктүү унаалар кесип өтчү. 40 пайызга чейинки азык-түлүк Катарга дал ушул маршрут менен барат.

Эми Сауд Арабиясы чек арасын жаап салууну чечти. Мындан ары Катар азык-түлүктү же деңиз жолу аркылуу же аба жолу аркылуу ташып келиши керек.

"Бул чукул арада инфляцияга алып келип, Катардагы жашоо шартка түздөн-түз таасирин тийгизет,-деп түшүндүрөт Нусейбе. -Эгер баары кымбаттап кетсе, анда Катардын эли өлкөнү башкарып жаткан үй бүлөгө кысым көрсөтө баштайт. Жетекчиликти алмаштыруу же курсту алмаштыруу талабын коюшу мүмкүн».

Анын айтымында, карапайым катарлыктар апта сайын, кээде күн сайын Сауд Арабиясына өтүп, арзан азык-түлүктөрдү сатып келишчү. Чек ара жабылгандан кийин ал дагы токтойт.

Курулуш ишин токтотот

Сүрөттүн автордук укугу Reuters

Катарда 2022-жылда өтө турган футбол боюнча Дүйнө чемпионатына байланыштуу ири курулуштар ишке ашып жаткан учур. Медициналык мекемелер, метро жана сегиз стадион курулуп жатат.

Негизги курулуш материалдары деңиз жолу аркылуу келет. Ал эми куруктан ошол эле Сауд Арабиясы аркылуу гана алып келсе болот.

Катардын курулуш комплекси ансыз деле курулуш материалдарынын таңкыстыгын баштан кечирип жаткан. Чек аранын жабылышы кырдаалды андан бетер оордотушу мүмкүн.

Эгерде чек ара, аба, деңиз каттамдары көпкө жабык болсо, бул Дүйнө чемпионатына даярдыктын графигине таасир этиши мүмкүн дейт Перс булуңундагы өлкөлөр боюнча эксперт Кристиан Ульрихсен.

Эмгек ресурстары

Сауд Арабиясынын, БАЭ, жана Бахрейн бийлиги өз жарандарына Катарга барууга тыюу салды. Ал тургай транзит аркылуу өтүүгө да болбойт деди.

Эгерде Катарда жүргөндөр болсо, аларга 14 күндүн ичинде чыгып кетүү милдеттендирилди. Ушундай эле убакыт Саудов Аравиясы, БАЭ, Бахрейнде жүргөн катарлыктарга дагы берилди.

Эгерде Египет ушундай чараларга барса анда анын кесепеттери сөзсүз болот. Жакында эле жүргүзүлгөн иликтөөгө ылайык Катарда жашап, иштеген 180 миң египеттик бар экени белгилүү болгон. Алар бир гана курулуш тармагында эмес, дарыгер, инженер жана юрист болуп иштегендери көп.

Мындай кесипкөй адистерди жоготуу менен Катарда өкүлчүлүтөрү жайгашкан эл аралык компаниялар олуттуу көйгөйгө туш болушу мүмкүн. (AbA)