Тогузунчу өлкө Катар менен дипломатиялык мамилесин токтотту

Катар Сүрөттүн автордук укугу Getty Images

Мавритания ушул аптада Катар менен дипломатиялык мамилесин токтоткон өлкөлөрдүн тогузунчусу болуп калды.

«Катар өзүнүн саясатын террористтик уюмдарды колдоого жана экстремисттик идеяны жайылтууга байлап алды»,-деген Тышкы иштер министрлигинин билдирүүсүн жергиликтүү маалымат каражаттары жазып чыкты.

Дүйшөмбү күнү Сауд Арабиясы, Египет, Бахрейн, Йемен жана Бириккен Араб Эмираттары, Мальдив Республикасы ушундай эле айыптоолорду айтып, Катар менен дипломатиялык мамилесин токтоткону тууралуу билдирүү жасашкан.

Катардын жарандары бул өлкөлөрдөн чыгып кетиши керек жана катарлык учактар үчүн аба мейкиндиктери жабылды.

Иордания Катардын дипломатиялык өкүлчүлүгүнүн даражасын төмөндөтүп, катарлык «Аль-Жазира» телеканалынын жергиликтүү офисин жапты.

Араб өлкөлөрү Катардын өкмөтүнөн Сириядагы радикалдуу исламчыл топторду каржылап жана куралдандырган деп шек санап жатышат. Financial Times маалыматына караганда исламчылар Иракта уурдап кеткен катарлык жаранга миллиард доллар төлөп бошотуп алганы дагы Катардын коңшуларын нааразы кылган.

Катар бийлиги өзүнөн кол үзүүгө себеп болгон жагдайларды далилсиз доомат катары атап, бул «өлкөнүн жана жарандардын жашоо турмушуна эч кандай таасир этпейт» деди.

Катардын Тышкы иштер министри буга чейин «Аль-Жазира» телеканалына берген маегинде «блокадага» өлкө даяр экенин айтып, бирок өлкөнүн жарандары башка мамлекеттер тарабынан «коллективдүү жазалоого» кабылды деп белгилеген. Анын айтымында, Катардын бийлиги жооптук чараларды колдонбойт, бирок чөлкөмдөгү таасири үчүн атаандашкандар «өз эркин Катарга таңуулап, өлкөнүн ичики ишине кийгилишүүгө аракет кылып жатканына» кескин нааразы.

Ал ошондой эле радикалдуу исламчыл топторго көмөк көрсөтөт деген айыптоолор "атайын даярдалган жана чындыкка коошпогон далилдерге" негизделген деп билдирди.

Шейшембиде АКШ президенти Дональд Трамп араб өлкөлөрүнүн Катар менен дипломатиялык мамилесин токтотконун өзүнүн Жакынкы Чыгышка болгон иш сапары менен түздөн-түз байланыштуу деп билдирди. Трамптын пикиринде Катарга көрсөтүлүп жаткан кысым "терроризм коркунучунун бүтүшүнүн" алгачкы этабы болуп калышы мүмкүн.

Трамптын билдирүүсүнөн кийин эле Пентагон катар бийлигине "чөлкөмдөгү коопсуздукту сактоо үчүн" америкалык «Аль-Удейд» аскер базасын өлкө аймагына жайгаштырууга уруксат бергенине ыраазычылык жолдогон. Ак үй АКШ жаңжалдын бардык тараптары менен сүйлөшүп, американын маанилүү союздаштарынын ортосундагы талашты чечүүгө аракет кылып жатканын билдирип чыкты. (AbA)

Тектеш темалар