БУУнун баш катчысы иш сапары менен Кыргызстанга келет

Антониу Гутерриш

БУУнун расмий сайтындагы маалыматтарга караганда баш катчы Антониу Гутерриш Борбор Азия өлкөлөрү: Казакстан, Өзбекстан, Кыргызстан, Тажикстан жана Түркмөнстанга иш сапарын баштоо алдында турат.

8-июнь күнү БУУнун баш катчысы Астанага келип, кечинде Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө өлкөлөрдүн башчыларынын жыйынына катышат. Иш сапардын программасында эртеси 9-июнда Антониу Гутерриш Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаев менен жолугушуп, Шанхай кызматташтык уюмунун пленардык сессиясында сөз сүйлөйт.

10-июнь ишемби күнү БУУнун баш катчысы Өзбекстандын Самарканд шаарында өлкө президенти Шавкат Мирзиёев менен жолугушат. Күндүн экинчи жарымында Нукуска барып, Арал деңизиндеги "кемелердин мүрзөсүндө" болот.

Жекшембиде 11-июнь күнү БУУнун баш катчысы Кыргызстандын баш калаасы Бишкекте сапарын улантат. Кыргызстандын президенти Алмазбек Атамбаев менен жолугушкандан кийин Ош шаарына сапар алат. Ошто 2010-жылдагы июнь коогалаңын эскерүү иш-чарларына катышат.

12-июнда БУУнун баш катчысы Тажикстанга барып, 13-июнда иш сапарын Түркмөнстанда улантат. Дүйшөмбү шаарында Антониу Гутерриш туруктуу өнүгүү боюнча конференцияда сөз сүйлөйт. Ал эми Ашхабадда Борбор Азиядагы терроризмге каршы күрөшүү стратегиясын ишке ашырууга арналган жогорку деңгээлдеги жыйынга катышмакчы. Бул тууралуу БУУнун расмий сайтына жарыяланды. (AbA)

Тектеш темалар