Казакстанда Аблязов 20 жылга эркинен ажыратылды

Мухтар Аблязов 2016-жылы декабрда боштондукка чыкты. Сүрөттүн автордук укугу Getty Images
Image caption Мухтар Аблязов 2016-жылы декабрда боштондукка чыкты.

Алма-Атанын адистештирилген райондор аралык соту Казакстандын БТА банкынын мурдагы жетекчиси Мухтар Аблязовго сыртынан өкүм чыгарып, үй-мүлкүн конфискациялоо менен 20 жылга эркинен ажыратты.

Казак оппозициясындагы барандуу саясатчылардын бири катары саналып жүргөн Аблязов сот тарабынан кылмыштуу чөйрөнү түзгөн жана банк каражаттарын уурдаган деп айыпталды. Айыпталуучу чет өлкөдө болгондуктан Алма-Атадагы сот өкүмү сыртынан чыгарылды. Аблязов Казакстандан 2009-жылы чыгып кетип, анын банкы банкрот деп табылып, улутташтырылган.

1990-жылдардын соңунда Мухтар Аблязов Энергетика, өнөр жай жана соода министри болуп иштеген. Отставкага кеткенден кийин 2001-жылы "Казакстандагы демократиялык шайлоо" деген оппозициялык кыймылды жетектеген.

2002-жылы Казакстандын соту Аблязовду алты жылга эркинен ажыратып, 3,6 млн доллар өлчөмүндөгү айыпка жыккан. Аны кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланган, мамлекеттик казынага кол салган жана мыйзамсыз коммерциялык ишмердүүлүк менен алектенген деп айыпташкан.

Оппозиционер бир жыл түрмөдө отургандан кийин Казакстан президенти тарабынан кечирим берилген. Андан кийин Аблязов БTA банкынын директорлор кеңешин жетектеп, оппозициялык ишмердүүлүгүн улантуу менен төрт жыл иштеген.

2009-жылы Казакстан жана Орусия тарабынан 70 млрд доллар уурдаган деп Аблязовго кылмыш иши козголгон. БTA банкынын Украинадагы филиалы дагы ага доомат койгон.

2011-жылы июль айында Британия экс-банкирге саясый башпаанек сунуштаган. Бирок 2012-жылы Лондондогу Жогорку сот Мухтар Аблязовду сотко урмат көрсөтпөгөнү үчүн 22 айга камакка алуу жөнүндө буйрук чыгаргандан кийин ал жашырынып кеткен. 2013-жылы август айында ал Францияда камакка алынган. Аны өткөрүп алуу үчүн Орусия, Украина жана Казакстан аракет кылган.

Аблязов коюлган айыптоолорду четке кагып, аны саясый негизде куугунтукка алып жатканын билдирип чыккан эле. Бир канча соттук териштирүүлөрдөн кийин француз бийлиги аны Орусияга экстрадициялоо чечимин кабыл алган эле. Бирок соңку инстанцияда Франциянын мамлекеттик кеңеши экстрадициялоо чечиминен баш тартып, үч жыл камакта жаткандан кийин Мухтар Аблязов 2016-жылы декабрда боштондукка чыкты. (AbA)

Тектеш темалар