Иран парламентине кол салуу болду

Сүрөттө парламент имаратынын терезесинде карап турган полиция кызматкери. Сүрөттүн автордук укугу Reuters
Image caption Сүрөттө парламент имаратынын терезесинде карап турган полиция кызматкери.

Жергиликтүү маалымат каражаттары куралчан кишилер Тегерандагы парламент имаратына жана Аятолла Хомейнинин мавзолейине кирип барып ок чыгарды деп жазууда.

Кол салуунун жоопкерчилигин өздөрүн "Ислам мамлекети" атаган экстремисттик топ моюнуна алган.

Тасним агенттиги жана мамлекеттик телеканал парламент имаратынын ичинде бир нече куралдуу кишилер бар экенин тууралуу кабар таратты. Барымтада кишилердин кармалып турганы боюнча да маалыматтар айтылып жатат.

Рейтер агенттиги ок атышуудан эки киши каза тапканын, анын бирөөсү парламент имаратында күзөттө турган кызматкер деп билдирди. Атышуудан кеминде үч киши жарадар болгон.

Сүрөттүн автордук укугу Reuters
Image caption Полиция кызматкерлери парламент имаратынын жанында турушат.

Кол салгандар тууралуу маалыматтар бири-бирине дал келбейт. Күбөлөр парламент имаратына үч киши чабуул койгонун, алардын бири пистолет менен экөө «Калашников» үлгүсүндөгү автомат менен куралданганын айтышкан.

Ал эми парламент депутаттарынын бири жергиликтүү ММКларга кол салгандар төртөө болгонун билдирген.

Сүрөттүн автордук укугу AFP
Image caption Тегерандын түштүгүндөгү Аятолла Хомейнинин мавзолейи

Болжолу ушул эле убакытта парламент имаратынан 20 чакырымдай алыстыкта жайгашкан Тегерандын түштүгүндөгү Аятолла Хомейнинин мавзолейине куралчан топ бастырып кирген.

Мавзолейдин басма сөз кызматынын жетекчиси Али Халилинин айтымында, кол салгандардын бири ок чыгарып, андан кийин жанкечтинин курун ишке киргизип, өзү менен кошо жардырып жиберген. Кол салуудан жаракат алгандар бар. ИЛНА агенттиги беш киши жарадар болгонун кабарлады.

Такталып жаткан маалыматтарга караганда Аятолла Хомейнинин мавзолейине кол салгандардын экөө эркек, бири аял киши болгон. Бирөө өзүн жардырып жиберген, экинчиси дагы өз өмүрүнө кол салганы айтылды. Үчүнчүсү жашырынып кетип, издөө иштери жүрүп жатат.

Би-би-синин перс кызматынын маалыматына караганда Ирандын тургундары бул окуяга дендароо болуп калышты. Алар 1979-жылдагы ислам революциясы бүткөндөн кийин коңшуларына салыштырмалуу өлкө коопсуз экенине ар дайым сыймыктанып келишкен.

Мындай кол салуу Иранда биринчи жолу болуп жатат. (AbA)

Тектеш темалар