Индия жакырлыгына карабай космоско көп коротконуна төрт себеп

Индиялык "ракета-монстр" орбитага эң оор спутникти чыгарды. Сүрөттүн автордук укугу Reuters
Image caption Индиялык "ракета-монстр" орбитага эң оор спутникти чыгарды.

Индиянын космостук иликтөө уюму (ISRO) 640 тонна салмактагы эң оор ракетасы орбитага 3000 кг салмактагы спутник алып чыкан учурду тарыхый деп атады.

Ракета беш "Боинг 747" учагынын салмагына барабар жүктү же 200 чоң пилге тете салмактагы жүктү космоско алып чыккан. Бул ондогон жылдарга созулган даярдыктан кийин, жергиликтүү технологиянын жардамында ишке ашты.

Индияны көп учурда калкынын төрттөн бири өтө жакыр жашап жатканына карабастан космостук долбоорлорго каражат коротот деп сындап келишет.

Би-би-синин тамил кызматынын кабарчысы Сивамакришнан Парамесваран Индияга космос эмне үчүн маанилүү экенин түшүндүрөт.

Арзанчылык

Сүрөттүн автордук укугу AFP
Image caption «Тарыхта кала турган күн»

Индия долбоорунун баасы дүйнөлүк ченем менен алганда көп деле кымбат эмес экенин далилдеп келүүдө. Ракетаны учуруу чыгымы болжолу 5 млн АКШ долларын түзгөн.

Индиянын космостук өндүрүшү "өтө арзан" деп айтылып жүрөт. Индия илимий иликтөө, өзгөчө космостук иликтөөлөргө бөлүнгөн бюджетин ар дайым көбөйтүп келүүдө. Иш жүзүндө мунусу илимге керектүү каражат бөлбөйт деген сындарга жооп да болуп берген.

Өсүп жаткан өндүрүш

Image caption Айрым гана өлкөлөр оор спутникти учура алышат.

АКШ, Франция жана Орусия спутник рыногунун дээрлик 75 пайызын көзөмөлдөйт. Бул болжолу 6 млрд долларга бааланып жана барган сайын кирешелүү тармакка айланууда.

Учурда Индия бул базардагы чоң үлүштү алууга үмүттөнүп жатат.

«Космикалык экономика» бир нече килограмм спутниктен тартып, жүздөгөн килограмм салмакка чейинки спутниктерди учурууну өз ичине камтыйт.

Спутник өндүрүшчүлөр ассоциациясынын маалыматына караганда, бул көп миллиардаган базарда Кытайдын үлүшү 3 пайызды түзүп жатканда, Индия базардагы үлүштүн дээрлик тең жарымына тете пайызга ээ болуп калды.

Индия мурда ракета ташыгычтары саналуу болгондуктан спутник коео берүүдө кадарларды өзүнө тарта албай келген. Ракета учурууда Францияга түздөн-түз көз каранды эле. Эми мунун баары артта калды.

Базарга ээлик кылуу

Image caption "200 чоң пилге тете салмактагы" ракета.

Көптөгөн метеорологиялык жана коммуникациялык спутниктер төрт тоннага чейинки салмакка ээ болуп, аларды учурууда чоң ракета керектелет.

Соңку ракета учуруусу менен Индия дүйнө коомчулугуна арзан баадагы альтернатива бар экенин коңгуроо кылды.

Жакында эле Индия бир ракета менен түрдүү өлчөмдөгү 104 спутникти космоско учуруп, өзүнүн космостук өндүрүшүнө ишенимди бекемдегенсиди.

Спутниктерди иштеп чыгууну, аны учурууну жана алардын ортосундагы байланыштарын кармап турууну өзүнө камтыган спутник байланышынын голбалдык рыногу 120 млрд долларды түзөт. Соңку жылдары байланышка болгон суроо-талаптан улам бул сан дагы өстү.

Аналитиктердин пикиринде Индия бир топ төмөн наркы менен спутник учуруу аркылуу өнүгүп жаткан индустриянын борбору болуп калышы мүмкүн.

Башка өлкөлөрдү өзүнө тартуу

Сүрөттүн автордук укугу Reuters
Image caption Өлкөдө миллиондогон кишилер азырга чейин таза сууга жетпей жүрөт.

Сынчылар Индиянын социалдык өнүгүү комплекси ачык эле артта калып жаткан шартта, анын илимди өнүктүрүүгө чоң каражат сарптап жаткандагы максатынан күмөн санашат.

Өлкөдө миллиондогон кишилер азырга чейин таза сууга, үзгүлтүксүз электр жарыгына, заманбап ажатканага, унаа жана темир жолдоруна жетпей жүрөт. Бирок өлкөнүн өкмөтү илимге жана техникага сарпталып жаткан каражаттар социалдык өнүгүүгө алып келет деп ынандырып келүүдө.

Соңку ракетанын учурулганы буга мисал болуп бере алат. Индия өнүгүп келе жаткан көп өлкөлөрдү Батыштын эмес, өзүнүн космостук өндүрүшүн колдонууга тарта алам деп үмүттөнөт.

Ошондуктан сындарга карабастан бул тармакка каражат сарптап, дагы бюджетин кеңейтти. Ал тургай Венерага учуу планын да алдыга максат кылууда. (AbA)

Тектеш темалар