Ниязалиев: Катардагы кырдаал жергиликтүүлөргө таасир эткен жок
Жабдыгыңыз медианын бул түрүн ойнотууга ылайыктуу эмес.

Ниязалиев: Катардагы кырдаал жергиликтүүлөргө таасир эткен жок

Бириккен Араб Эмирлиги социалдык медиага Катарды колдоп жазгандарды 15 жылга чейин түрмөгө кесебиз деп эскертти. Бириккен Эмирлигинин башкы прокурорунун айтымында социалдык медиада Доханы колдоп жазгандар кибер кылмыш жасады деп сыппаталат.

Германиянын тышкы иштери министри дипломатиялык абал колдон чыгып кетсе, Жакынкы Чыгыш “Трампификация” саясатына кабылышы мүмкүн деп белгиледи.

АКШнын президенти Дональд Трамп болсо Катарды жазалоо саясатын колдоду. АКШнын жетекчиси Катар экстремисттерди колдоого алды деген пикирде.

6-июнда Кыргызстандын Тышкы иштери министри Катардын Кыргызстандагы элчиси Мухаммед Ал Наимини кабыл алып, мамлекеттеги абал тууралуу сөз болду. Эрлан Абдылдаев чөлкөмдөгү абалга тынчсызданып турганын, бирок, сүйлөшүүлөр аркылуу маселе чечилерине үмүттөнүп турганын билдирген.

Би-Би-Си Кыргызстандын Катардагы элчиси Нуран Ниязалиевге кайрылып, мамлекеттеги абал тууралуу сурады.