Иран аскерлери Тегарандагы окуя үчүн Сауд Арабиясын айыптады

Иран аскерлери Сүрөттүн автордук укугу AFP

Ирандагы ислам революциясы корпусу Тегерандагы парламент имаратына жана Аятолла Хомейнинин мавзолейине кол салуунун артында Сауд Арабиясы турат деп билдирүү жасады. Кол салуудан каза тапкандар саны 12 кишиге жетти.

"АКШ президенти [Дональд Трамп] менен чөлкөмдөгү реакциялуу өкмөттөрдүн биринин лидери жолугушканына бир апта гана өткөндөн кийин болуп жаткан терактка коомчулук өтө кабатыр болуп турат»,-деп айтылат билдирүүдө.

"Кол салууга «Ислам мамлекети» [экстремистстик тобу] жоопкерчиликти алганы алар [Сауд Арабия] бул ырайымсыз чабуулга катыштыгы бар экенин далилдеп турат»,-деп эсептейт Ирандын Куралдуу күчтөрүнүн катарына кирген бул элиталык түзүм.

Ушундан башка Иран бийлиги эч кандай билдирүү жасаган жок.

Шаршембиде эрте менен аялдардын кийимин кийген кишилердин тобу парламент имаратынын ичине кирип барып ок чыгарган. Болжолу ушул эле убакытта парламент имаратынан 20 чакырымдай алыстыкта жайгашкан Тегерандын түштүгүндөгү Аятолла Хомейнинин мавзолейине куралчан топ бастырып кирген.

Уюшулган мүнөздөгү кол салуулардан кеминде 12 киши каза таап, 39 жаркат алды. Бул жанкечти чабуул жасаган өлкө тарыхындагы биринчи учур болуп калды. Буга чейин жанкечти чабуулу Иранда такыр болгон эмес.

Иран бийлиги үчүнчү чабуулду алдын алып калганын айтты. Ѳлкөнүн чалгын кызматы кол салууга ниеттенип жаткан согушкерлердин тобу кармалганын билдирген.

Эки кол салуунун жоопкерчилигин тең өздөрүн «Ислам мамлекети» атаган экстремисттик топ моюнуна алды. Социалдык тармактардагы топтун аккаунтарынын биринде болжолу кол салуу учурундагы парламент имаратынын ичи тартылган тасма жарыяланып кетти. (AbA)

Тектеш темалар