Сеул: КЭДР кемеге каршы колдонулган ракетасын сынады

Сыноодон өткөрүлгөн ракета жаңы үлгүдө болгону азырынча белгисиз (сүрөт архивден). Сүрөттүн автордук укугу Getty Images
Image caption Сыноодон өткөрүлгөн ракета жаңы үлгүдө болгону азырынча белгисиз (сүрөт архивден).

КЭДР кемеге каршы колдонулган бир нече ракетасын сыноодон өткөрүп, ал 200 чакырымдай учуп барып деңизге түштү деп кабарлады Түштүк Кореянын куралдуу күчтөрү.

Түштүк кореялык армиянын маалыматына караганда ракеталар КЭДРдин чыгыш жээктеринен атылган. Муну менен КЭДР ири аскер кемелерин жок кылууга жөндөмдүү экенин демонстрациялап жатат дейт түштүк коерялык аскер адистери.

Акыркы апталарда АКШ Корей жарым аралында өзүнүн аскер кемелеринин санын көбөйтүп жатат. 5-июнда КЭДР жээктерин көздөй Сан-Диегодон америкалык үчүнчү аскер учагын тарткан "Нимиц" кемеси сапарга чыкканын ММКлар жазууда. Буга чейин жарым аралга "Карл Винсон" жана "Рональд Рейган" кемелери келген.

КЭДР дүйнө коомчулугунун айыптоолоруна карабастан баллистикалык ракета сыноосун улантып келүүдө. Апрелде эки жолу сыноо өткөрүп, эки ракета тең учуп чыккан учурунда эле жарылып кеткен.

Дагы бир ракета сыноосун 14-майда өткөрдү. Түндүк Кореянын Борбордук телеграф агенттиги сыноо ийгиликтүү болгонун жазды. Муну АКШ жана Түштүк Корея бийлиги кескин айыптаган билдирүү тараткан. Июнь айында БУУнун Коопсуздук кеңеши Пхеньянга карата санкцияларын кеңейтти. (AbA)

Тектеш темалар