"Манчестер Юнайтед" эң кымбат футбол клуб деп табылды

Англиянын "Манчестер Юнайтед" футболдук клубу Сүрөттүн автордук укугу Reuters

Англиянын "Манчестер Юнайтед" футболдук клубу соңку беш жылдан бери биринчи ирет дүйнөдөгү эң кымбат клуб деп табылып, баасы боюнча испаниялык "Реал Мадридди" артка калтырды.

Forbes рейтинги боюнча "Манчестер Юнайтед" футбол клубунун азыркы учурдагы баасы 3,689 млрд долларды түзөт.

Рейтинг боюнча экинчи орунда "Барселона" турат. Анын баасы 3,635 млрд доллар деп бааланган. "Реал" клубу үчүнчү орунга чыкты.

Дүйнөдөгү эң кымбат футбол клубдарынын бешилтигине мюнхендик "Бавария" жана англиялык "Манчестер Сити" клубдары кирген.

Ал эми он команданын ичине төрт англиялык клуб - "Арсенал" (алтынчы орунда), "Челси" (жетинчи орунда), "Ливерпуль" (сегизинчи орунда) "Тоттенхэм" (онунчу орунда) кымбат клубдар болуп табылган. Тогузунчу орунга туриндик "Ювентус" чыкты.

Бир жыл мурун "Манчестер Юнайтед" үчүнчү орунда аталып, 3,317 млрд долларга бааланган. Ал эми "Реал" 3,645 млрд долларга бааланып биринчи орунда турган болчу.

Андан сырткары "Манчестер Сити" лондондук "Арсеналдан" төмөн жайгашкан эле. Калган тизме өткөн жылдагыдай эле өзгөрүүсүз болду.

"Манчестер Юнайтед" бул сезондо англиялык премьер-лигада болгону алтынчы орунга чыга алды. Бирок ошого карабастан үч кубокту утуп алды. Алар Англиянын суперкубогу, Лиганын кубогу жана Европа лигасын утту.

Ал эми "Реал" Испания чемпионатын жана европалык эң престиждүү саналган Чемпиондор лигасын утуп алды. Августтун башында "Реал" менен "Манчестер Юнайтед" Европанын супер кубогу үчүн беттеш өткөрөт. (AbA)

Тектеш темалар