Британияда кезексиз парламенттик шайлоо башталды

Image caption Парламенттин төмөнкү палатасынын бардык мүчөлөрү бир мандаттуу округдарда шайланат.

Бейшембиде Британияда кезексиз парламенттик шайлоолор башталды. Шайлоо участкалары жергиликтүү убакыт боюнча саат жетиден баштап түнкү онго чейин иштейт.

Бул соңку үч жылдын ичинде Британияда болуп жаткан үчүнчү жалпы элдик добуш берүү. Мурдакы парламенттик шайлоолор 2015-жылы болгон, ал эми 2016-жылы жайында Британиянын Евробиримдикке мүчөлүгү жөнүндө референдум өттү.

Британиядагы бул жолку шайлоолордун башкы темасы - "брексит" жана социалдык-экономикалык саясат.

Парламенттин төмөнкү палатасына кезексиз шайлоону апрелде премьер-министр Тереза Мей жарыялаган. Ал өлкөнүн Евробиримдиктен чыгышы жөнүндө сүйлөшүүлөр башталып жаткан чакта саясий кырдаалды туруктуу кармаш үчүн шайлоону мөнөтүнөн мурда өткөрүү зарыл деген.

Парламенттин төмөнкү палатасындагы 650 орунга консерваторлор, лейбористтер, либерал-демократтар, Бириккен королдуктун көз каранды эместик партиясы, Шотландиянын көз каранды эместигинин партиясы ат салышууда. Шайлоого ошондой эле Жашылдар, валлийлик "Плайд Камри" ("Уэльс партиясы") жана түндүк ирландиялык төрт партия: Демократтык юнионисттик, Социал-демократтык лейбористтик партиялары катышууда.

Британияда шайлоо системасы жалаң гана мажоритардык жол менен өтөт, парламенттин төмөнкү палатасынын бардык мүчөлөрү бир мандаттуу округдарда шайланат.

2011-жылы Британияда кабыл алынган мыйзам боюнча парламенттик шайлоо ар бир беш жылда май айынын биринчи бейшембисинде өтүүгө тийиш.

Мөөнөтүнөн мурда шайлоо эки гана учурда болот: өкмөткө ишеним көргөзүлбөй калганда жана жаңы шайлоо үчүн депутаттардын үчтөн экиси добуш бергенде гана өткөрүлөт.

Ушул процедурага таянып, премьер-министр Тереза Мей апрелде парламенттик кайра шайлоону жарыялаган. (КС)

Тема боюнча башка макалалар