Катар бойкот жарыялаган коңшуларына карата пикирин билдирди

Тышкы иштер министри Мохаммед Абдель Рахман аль-Тани. Сүрөттүн автордук укугу Reuters
Image caption Тышкы иштер министринин айтымында бул кризисти чечүү үчүн дипломатиялык жолдорду издөө зарыл.

Катардын бийлиги коңшулаш араб өлкөлөлөрү менен дипломатиялык жаңжалда өз позициясынан чегинүү ниети жок деп билдирди өлкөнүн Тышкы иштер министри Мохаммед Абдель Рахман аль-Тани.

"Биз багынбайбыз жана сырткы көз карандысыз саясатыбыздан биз эч качан баш тартпайбыз»,-деген министр.

Анын айтымында бул кризисти чечүү үчүн дипломатиялык жолдорду издөө зарыл жана аскердик кийгилишүүнүн такыр кереги жок.

Тышкы иштери министри Аль-Тани ошондой эле Иран Катарга өзүнүн үч деңиз портун суу жана азык-түлүк алып келүү үчүн колдонуп турууну сунуштаганын айтты. Бирок азырынча катарлык бийлик бул сунушту кабыл алган эмес.

Министр буга чейин Катар бир да жолу мындай башка өлкөлөр менен душмандашкан мамилеге туш болгон эмес эле деп белгиледи.

Апта башында тогуз өлкө Катарды террордук уюмдарды колдойт экстремисттик идеологияны пропагандалайт деп айыптап, дипломатиялык мамилелерин үзгөнүн билдирип чыккан.

Бейшембиде Бахрейн жана Бириккен Араб эмираттары өз жарандарына Катарды колдогон кандай гана аракет болбосун айыпка жыгылып жана беш жылга чейин камалышы мүмкүн экенин эскертти.

Катар бийлиги өзүнөн кол үзүүгө себеп болгон жагдайларды далилсиз доомат катары атап, бул «өлкөнүн жана жарандардын жашоо турмушуна эч кандай таасир этпейт» деди.

Бейшембиде белгилүү болгондой Катардын Тышкы иштер министри 9-10-июнда Москвага расмий иш сапары менен келүүнү пландап жатат. Ал жерде орус кесиптеши Сергей Лавров менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзмөкчү.

Би-би-синин дипломатия маселелери боюнча баяндамачысы Жеймс Роббинсдин белгилөөсүндө, Орусиянын кийгилишүүсү кырдаалды андан бетер татаалдаштыруусу мүмкүн.

Шейшембиде АКШ президенти Дональд Трамп араб өлкөлөрүнүн Катар менен дипломатиялык мамилесин токтотконун өзүнүн Жакынкы Чыгышка болгон иш сапары менен түздөн-түз байланыштуу деп билдирди. Трамптын пикиринде Катарга көрсөтүлүп жаткан кысым "терроризм коркунучунун бүтүшүнүн" алгачкы этабы болуп калышы мүмкүн. (AbA)

Тектеш темалар