Британиядагы шайлоонун алдын ала тыянактары

Бул Британияда соңку үч жыл ичиндеги үчүнчү жалпы элдик шайлоо өнөктүгү болуп калды. Сүрөттүн автордук укугу EPA
Image caption Бул Британияда соңку үч жыл ичиндеги үчүнчү жалпы элдик шайлоо өнөктүгү болуп калды.

Консервативдүү партия парламенттеги мандаттардын саны боюнча лидерлик кылууда. Бирок абсолюттук көпчүлүккө ээ боло турган добуш албагандыгы шайлоонун алдына ала тыянактарынан улам белгилүү боло баштады.

Мөөнөтсүз шайлоо жарыялаган Тереза Мэй чоң кыйроонун алдында турат. Апрель айындагы коомдук сурмажылоодо консеравтивдүү партия утуп чыкканы белгилүү болгон эле. Ошондон кийин мөөнөтсүз шайлоо жарыяланган.

Би-би-синин божомолу боюнча консерваторлор парламенттеги 650 орундун 318ине ээ болушу мүмкүн. Ал лейбористтер - 262, шотландиялык улутчулдар - 34, либерал демократтар - 13 орунга ээ болушу мүмкүн. Төмөнкү палатада абсолюттук көпчүлүктү түзүү үчүн партия 326 орун алышы керек эле.

Лейбористтердин лидери Жереми Корбин өкмөт башчы Тереза Мэйди отставкага кетүүгө чакырды. Бирок Мэй өлкөгө стабилдүүлүк керек экенин жана анын партиясы стабилдүүлүктү камсыздай турганын айтты.

Ѳзүнүн округу Ислингтон-Норттогу жеңишинен кийин Корбин «элдин кызыкчылыгын чыны менен көтөрө турган» өкмөткө жол берүүгө Мэйге убакыт келди деп айтты.

Сүрөттүн автордук укугу Reuters
Image caption Айрымдар мындай кырдаалда Мэйдин кызматын сактап калышы кыйын деген да пикирлерин айтууда.

Мэй өзүнүн Мейденхэд округунда кайрылуу жасап, шайлоонун акыркы жыйынтыктарын күтүп турууга чакырды жана «азыр өлкөгө стабилдүүлүк өтө зарыл» экенин кошумчалады.

Азырынча көп суроолор жаралып турат. Шайлоо тыянактары «брексит» маселеси боюнча сүйлөшүүлөргө кандай кесепетин тийгизет? Мэй пемьер-министрлик кызматтан кетеби? Айрымдар мындай кырдаалда Мэйдин кызматын сактап калышы кыйын деген да пикирлерин айтууда.

Парламенттеги төмөнкү палатага мөөнөтүнөн мурун шайлоо өткөрүүнү Тереза Мэй апрель айында жарыялаган. Ал өлкөнүн Евробиримдиктен чыгышы жөнүндө сүйлөшүүлөр башталып жаткан чакта саясий кырдаалды туруктуу кармаш үчүн шайлоону мөнөтүнөн мурда өткөрүү зарыл деген.

Парламенттин төмөнкү палатасындагы 650 орунга консерваторлор, лейбористтер, либерал-демократтар, Бириккен королдуктун көз каранды эместик партиясы, Шотландиянын көз каранды эместигинин партиясы ат салышууда. Шайлоого ошондой эле Жашылдар, валлийлик «Плайд Камри» («Уэльс партиясы») жана түндүк ирландиялык төрт партия: Демократтык юнионисттик, Социал-демократтык лейбористтик партиялары катышууда.

Бул Британияда соңку үч жыл ичиндеги үчүнчү жалпы элдик шайлоо өнөктүгү болуп калды. Мурунку парламенттик шайлоо 2015-жылы болгон.

2016-жылы жай айында болсо, Евробиримдиктеги Британиянын мүчөлүгү боюнча референдум өткөн эле.

Британияда шайлоо системасы жалаң гана мажоритардык жол менен өтөт, парламенттин төмөнкү палатасынын бардык мүчөлөрү бир мандаттуу округдарда шайланат.

Мөөнөтсүз шайлоо эки учурда жарыяланат: өкмөткө ишеним көрсөтүлбөсө же парламент өзүн өзү таратса жана жаңы шайлоо үчүн депутаттардын көпчүлүгү добуш берсе. Тереза Мэй мына ушул акыркы процедураны колдонду.

Шайлоого катышуу үчүн добуш берүү укугу бар 46,9 млн киши катталган. Бул мындан эки жыл мурунку шайлоого караганда бир жарым миллионго көп. (AbA)

Тектеш темалар