Британияда “арабөк парламент”: эми коалициялык өкмөт куралат

Британия парламентинин имараты

Британияда бейшембиде өткөн шайлоонун алдын ала жыйынтыктары боюнча консерваторлор жеңди, бирок алар парламенттеги абсолюттук көпчүлүк орунга жеткен жок. Тереза Мэй түндүк ирландиялык юнионисттердин колдоосуна таянып, коалициялык жаңы өкмөттү түзө турган болду.

Консервативдик партия парламенттик шайлоодо көпчүлүк орунду жеңе албагандыгына карабастан Улуу Британиянын премьер-министри Тереза Мэй королева Елизавета Экинчиден коалициялык өкмөт түзгөнгө уруксат алды.

Тереза Мэй Даунинг-сритке алсыраган абалда кайтып келүүдө

Би-Би-Синин саясий баяндамачысы Лора Кунсберг Тереза Мэйдин Даунинг-стриттеги премьер-министрдин резиденциясына капалуу түрдө кайтып келгенин белгилейт.

"Ал демократиялык юнионисттердин партиясы менен кызматташтык жөнүндө эмне сөз болгонун айтып берген жок, бул кандайдыр бир ийкемдүү келишим жөнүндө билдирет. Ал, балким, Даунинг-стритке кайтып келди, бирок алсыраган фигура болуп кайтып келди. Ал премьер-министр болуп кала берүүдө, бирок канчага чейин?-дейт Би-Би-Синин саясий баяндамачысы.

Эң көп орун алган партия түзө алабы?

Сөзсүз түрдө эмес. 650 шайлоо окуругундагы добуштар эсептелип бүткөндөн кийин парламентте көп орун алган партия жеңүүчү болуп саналат, анын лидери дээрлик дайыма премьер-министр болот.

Эгер партиялардын бирөөсүнүн жеңиши ишенимдүү болбой калса, бул жолу андай болбой калышы мүмкүн. Шайлоонун жыйынтыгы боюнча экинчи келген партия башка партиялар менен келишип кетсе, анда өкмөттү түзө алат.

Шайлоодо жеңген партия ким болот?

Премьер-министр болуш үчүн эң жөнөкөй шарт -палатадагы орундардын абсолюттук көпчүлүгүнө ээ болуш керек, башкача айтканда башкалардын баарын бириктиргенде да көп болуш керек.

"Арабөк парламент" деген эмне?

Палатада жалпысынан 650 орун бар. 326 орунга ээ болгон партия жеңүүчү болуп саналат. Бул өкмөткө башка атаандаштары өткөрбөй кое ала турган мыйзам долбоорлорун сунуш кылганга мүмкүнчүлүк берет.

Бирок бир дагы партия 326 орунга ээ боло албаган учурда өлкөдө "арабөк парламент" келип чыгат. 2010-жылдагы шайлоодон кийин Британияда "арабөк парламент" болгон.

Корбин: Консерваторлор шайлоодо жеңилди

Лейбористтик партиянын лидери Джереми Корбин Консервативдик партиянын шайлоодогу жыйынтыгын эмне үчүн жеңиш деп эсептебей турганын түшундүрдү.

"Шайлоодо утулган партия - Консервативдик партия. Консерваторлор бул шайлоодо айткан аргументтер пайда алып келген жок. Менин оюмча бизге жаңылануу керек",-деди Корбин. -Биз өлкөнүн ар бир регионунунда орун алдык. Биз үч миллион добуш көбүрөөк алдык. Бул кыйла эле жакшы көрсөткүч".

Кыскача маалыматтар

  • Бул соңку үч жылдын ичинде Британияда болуп жаткан үчүнчү жалпы элдик добуш берүү. Мурдакы парламенттик шайлоолор 2015-жылы болгон, ал эми 2016-жылы жайында Британиянын Евробиримдикке мүчөлүгү жөнүндө референдум өттү.
  • Парламенттин төмөнкү палатасына кезексиз шайлоону апрелде премьер-министр Тереза Мей жарыялаган. Ал өлкөнүн Евробиримдиктен чыгышы жөнүндө сүйлөшүүлөр башталып жаткан чакта саясий кырдаалды туруктуу кармаш үчүн шайлоону мөнөтүнөн мурда өткөрүү зарыл деген.
  • Парламенттин төмөнкү палатасындагы 650 орунга консерваторлор, лейбористтер, либерал-демократтар, Бириккен королдуктун көз каранды эместик партиясы, Шотландиянын көз каранды эместигинин партиясы ат салышты. Шайлоого ошондой эле Жашылдар, валлийлик "Плайд Камри" ("Уэльс партиясы") жана түндүк ирландиялык төрт партия: Демократтык юнионисттик, Социал-демократтык лейбористтик партиялары катышты.
  • Британиядагы бул жолку шайлоолордун башкы темасы - "брексит" жана социалдык-экономикалык саясат болду.
  • Британияда шайлоо системасы жалаң гана мажоритардык жол менен өтөт, парламенттин төмөнкү палатасынын бардык мүчөлөрү бир мандаттуу округдарда шайланат.
  • Мөөнөтүнөн мурда шайлоо эки гана учурда болот: өкмөткө ишеним көргөзүлбөй калганда жана жаңы шайлоо үчүн депутаттардын үчтөн экиси добуш бергенде гана өткөрүлөт. Ушул процедурага таянып, премьер-министр Тереза Мэй апрелде парламенттик кайра шайлоону жарыялаган.

Тема боюнча башка макалалар