Британиядагы шайлоонун күтүүсүз он фактысы

Тереза Мэй Сүрөттүн автордук укугу PA

Британияда мөнөтүнөн мурда өткөрүлгөн парламенттик шайлоолор аяктады. Анын жыйынтыгы күтүүсүз болду - консерваторлор абсолюттук көпчүлүктөн кол жууду, эми Тереза Мэй коалициялык өкмөт түзүүгө аргасыз болууда.

Бул шайлоолор бир катар кызыктуу фактылар менен өзгөчөлөндү, бирок анын баары эле жаңылыктардын башына чыккан жок. Анын айрымдары булар.

Белгилүү саясатчылардын жыдышы

Сүрөттүн автордук укугу Reuters
Image caption Ник Клегг парламенттен кетишке аргасыз.

Парламенттеги ордун жоготкон эң белгилүү саясатчы катары либерал демократтардын мурдакы лидери жана экс-вице-премьер Ник Клеггди айтыш керек. Ал өзүнүн ордун Шеффилдеги лейбористке алдырып койду.

Ал бул кызматты 12 жылдан бери ээлеп келаткан, ошондуктан жеңилгени жөнүндө кабарды укканда капа болбой койгон жок. Бирок анын жеңилиши шайлоочуларды таң калтырган деле жоктой. "Ник Клегг деген ким? Google издөөсүндөгү эң көп берилген суроо болду.

Бул шайлоодогу шаабайы суугандардын арасында шотланддык улутчулдардын мурдакы лидери Алекс Салмонд бар. Ал шотланддык консерваторлорго жеңилип калды. Шотландиянын улуттук партиясынын фракция лидери Энгус Робертсон дагы парламенттеги ордун консерваторго алдырып жиберди.

Image caption Алекс Саймон да Шотландиядагы Гордон округундагы ордун алдырып жиберди

Шайлоочулардын жогорку активдүүлүгү

Шайлоодогу активдүүлүк 1997-жылдан бери эң жогорку болуп калды. Бүт өлкө боюнча активдүүлүк 2 % өсүп, 69 % түздү. Бирок кээ бир шайлоо округдарында көрсөткүч мындан да жогору болду.

Джереми Корбин жаштарды колго алды

Лейбористтердин лидери Джереми Корбин өзүнүн шайлоо платформасына жаш шайлоочуларды кызыктырып, алардын добушун алганга айрым бир деңгээлде жеткенсиди.

Лейбористтер улгайган калкы көбүрөөк округдарга караганда жаштар көп окуган жана курагы 18 менен 24 жаш ортосундагы шайлоочулар жашаган округдарда көбүрөөк добуш алышты. Жаштар көп жашаган округдарда дагы шайлоого катышуу активдүүлүгү жогорку болду.

Парламенте мынчалык көп айымдар болгон эмес

Парламенттин жаңы курамында аялдар рекорддук санда көп шайланды. Алар парламентте эки жүздөн көп болот, мурдакы курамда айымдар 195 болчу.

Бул шайлоодо талапкерлердин 30% айымдар болду, бул көрсөткүч дагы 2015-жылга караганда чоң.

Биринчи сикх айым шайланды

Лейборист Прит Каур Гилл Бирмингем-Эджбастон округунда жеңип чыгып, парламенттин тарыхындагы биринчи сикх айым болуп калды.

44 жаштагы лейборист айым өзүнүн маркум атасынын жанан анын жакын досу лорд Кингдин таасири астында саясатка кызыгып калганын айтууда. Лорд Кинг дагы британдык парламентке шайланган биринчи сикх эле.

Бул округда 1953-жылдан бери шайлоочулар парламентке жалаң гана аялдарды шайлап жатканын кошумчалай кетели.

Шайлоо "брексит" жөнүндө болду

Бир жыл мурда Британиянын Евробиримдиктен чыгышына каршы добуш берген округдарда лейбористтер консерваторлордон озуп чыгышты. Ал эми брексит үчүн добуш берген округдарда тескерисинче консерваторлор үстөмдүк кылышты.

Джереми Корбин "High five" деп жакшы айта албайт

Сүрөттүн автордук укугу Getty Images

Лейбористтердин лидери шайлоо өнөктүгүн ийгиликтүү жана активдүү өткөрдү, бирок жаштарча "High five" ("Келе бешти ") деп саламдашуу искусствосун жакшы өздөштүрө электей. Анын бул өксүгү көлөкөдөгү кабинеттин тышкы иштер иштер министри Эмили Торнберини ыңгайсыз абалга туш кылды.

Найджел Фарадж саясатка кайтып келиши мүмкүн

Сүрөттүн автордук укугу EPA

Фарадж Бириккен Королдуктун Көз каранды эмес партиясынын лидеринин кызматынан өткөн жылы июлда референдумдан кийин кеткен эле. Эми ал өзүнүн партиясынын бул шайлоодогу жеңилишинен кийин "брексит" үчүн күрөштү улантуу үчүн кайра кайтып келиши мүмкүндүгүн айтып жатат.

Демократ-юнионисттер кимдер?

Сүрөттүн автордук укугу Getty Images
Image caption ДЮПтин лидери Арлин Фостер кубанып жатат. Анын партиясынын эми парламентте он орду бар.

Демократиялык юнионисттик партия (ДЮП) 2015-жылы эле өзүнүн шайлоо өнөктүгүн Вестминистрде коалиция түзүүгө ылайыктуу тезисте өткөргөн эле.

Анда консерваторлор жетиштүү добушка жеткен үчүн коалиция болгон эмес, эми азыркы "арсар парламент" шартында шайланган он юнионист алдыңкы планга чыгууда.

Эки партиялуу системага кайтуу

Негизги эки партия - консерваторлор менен лейбористтер 1970-жылдан бери биринчи жолу саясаттагы үстөмдүк абалын кайтарып алышты. Бул шайлоодо консерваторлорго шайлоочулардын 42%, лейбористтерге - 40% добуш берди.