Коста-Буранелли: ШКУда Борбор Азиянын ролу өзгөрбөйт

Сүрөттүн автордук укугу STR/AFP/Getty Images
Image caption Астана шаарында Шанхай кызматташтык уюмунун 17-саммити өтүүдө.

Астана шаарында Шанхай кызматташтык уюмунун 17-саммити өтүүдө. Анын алкагында Кыргызстандын президенти Алмазбек Атамбаев менен Өзбекстандын башчысы Шавкат Мирзиёев чек арадагы делимитацияга даярдык иштери тууралуу сөз кылышты.

Ошондой эле бул саммиттин өзгөчөлүгү катары Пакистан менен Индия уюмга толук мүчө болуп кошулганын айтууга болот. Демек ШКУ үч миллиард адамды бириктирген уюм болуп калмакчы.

Ага карабастан ШКУну иш аракети кагазда калган, "виртуалдык" уюм катары атап келишет. Би-Би-Си Британиядагы "Сент-Эндрюс" университетинин окутуучусу Филиппо Коста-Буранеллиге кайрылып, ШКУ кеңейгенден кийин уюмдa өзгөрүүлөр болобу деген суроо жолдоду.

Сүрөттүн автордук укугу AFP
Image caption "Сент-Эндрюс" университетинин окутуучусу Филиппо Коста-Буранелли.

Филиппо Коста-Буранелли: Бул өтө кызыктуу суроо. Анда эки маселеге көңүл буруу зарыл. Биринчиден, уюмдун маңызы, экинчиден анын эффективдүүлүгү тууралуу сөз болууда. Маңызын алсак, ШКУ экономикалык кызматташууда жана терроризмге каршы күрөштө көрүнүктүү иш кылган жок дегендер бар. Ага мүчөлөрүнүн кайчылаш кызыкчылыктары себеп болууда. Кагаз жүзүндө көп сөздөр айтылган, бирок, эч кандай иш жүргүзүлгөн жок деп айтуу катачылык болот. Уюмга мүчө болгон мамлекеттер жабык эшик артында иш алып барууда.

Ал эми ШКУнун кеңейгени тууралуу сөз кылсак, менимче Пакистан менен Индия кошулгандан кийин диолог күчөйт.

Саммиттин алкагында эки мамлекеттин жетекчилери терроризмге каршы күрөштө кызматташтыкты күчөтүү керек деп сүйлөп жатышты. Арийне анын ишке ашуусу саясий эркке байлануу болот.

ШКУ келечекте коопсуздук эмес, экономикалык багытта кызматташуусун күчөтөт деген ойдомун.

Би-Би-Си: Сиз айтып кеткендей, ШКУ келечекте коопсуздуктан көрө экономикалык кызматташууга басым жасашы мүмкүн. Сиздин оюңузча ШКУ келечекте кандай уюм болууну көздөйт?

Филиппо Коста-Буранелли: Бул өтө кызыктуу жана татаал суроо. Келечекте эмне болоорун айтуу өтө оор. Менимче ШКУ НАТО сыяктуу уюмга айланбайт. Себеби Кытай Орусиянын Борбордук Азиядагы аскердик ролун түшүнөт. Ал себептен аскердик кызматташууда уюмдун ролу чектелүү болот. Андан тышкары Индия менен Пакистан толук кандуу мүчө болгондон кийин, айтылган эки мамлекет дагы аскердик кызматташуудан баш тартышы ыктымал.

Сүрөттүн автордук укугу STR/AFP/Getty Images
Image caption Коста-Буранелли: ШКУ келечекте коопсуздук эмес, экономикалык багытта кызматташуусун күчөтөт деген ойдомун.

Экономиканы алсак, ШКУ Европа Биримдиги сыяктуу уюм болбойт. Менимче Түштүк-Чыгыш Азия мамлекеттеринин ассоциациясы сыяктуу уюмга айланышы ыктымал.

Себеби Кытай ШКУ аркылуу коңшу мамлекеттердин соода-катнашын күчөтүүнү көздөйт. Бээжин коңшу мамлекеттер менен мамилесин жакшыртуу багытында беш жылдык келишим түзүүнү каалайт. Чек ара маселелери дагы олуттуу бойдон кала берет. Жогоруда белгилегендей саммиттин алкагында Кыргызстан менен Өзбекстандын лидерлери чек ара маселесин талкуулашты. Бул атайын уюштурулган платформа болду.

Ошондой эле Кытайдын "Бир кур, бир жол" долбоору ШКУнун негизги максаттарынын бири болот. Пакистандын жетекчиси Назар Шариф саммиттин алкагында "Бир кур, бир жол" долбоору ШКУнун кеңейүүсүнүн негизги себептеринин бири деп айтты. Негизги суроо Евразиялык экономикалык биримдикке эмне болот деген пикирдемин.

Би-Би-Си: Андан сиздин оюңузча Евразиялык экономикалык биримдикке эмне болот?

Филиппо Коста-Буранелли: Мен жакында эле ушул маселе тууралуу макала жазгам. Бул көйгөй тууралуу Орусия менен Кытай сүйлөшүүлөрдү баштаган.

Эки мамлекет Кытайдын "Улуу Жибек жолун" куруу долбоору менен Орусиянын экономикалык бир аймак куруу долбоорун бириктирүү тууралуу сөз кылышкан.

Сүрөттүн автордук укугу ALEXEY NIKOLSKY/AFP/Getty Images
Image caption Коста-Буранелли: Орусия менен Кытай Евразиялык экономикалык биримдик жана "Бир кур, бир жол" долбоорлор тууралуу сүйлөшүүлөрдү баштаган.

Эки долбоор бирдиктүү иш жүргүзүп, Евразиялык экономикалык биримдиктин эркин сооданы жайылтуу үчүн Бээжин курган инфрастуктуралар колдонулушу ыктымал. Бирок Орусия Кытайдын саясатына кооптонуп, Бээжиндин чыныгы максаты кандай экенине тынчсызданып келет.

Би-Би-Си: Сиз кыргыз жана өзбек президенттери чек ара тууралуу сөз кылды деп айтып кеттиңиз. Эки ири мамлекет уюмга мүчө катары кошулгандан кийин, Борбор Азиянын ШКУдагы ролу өзгөрөбү?

Филиппо Коста-Буранелли: Биз биринчиден айтылган мамлекеттердин ролу дегенде, анын маанисине токтолушубуз керек. "Ролду" уюмдун чечимдерине жана саясий багытын аныктоого катышуу катары түшүнсөк, анда эч өзгөрүү болбойт.

Себеби ШКУнун принциптери боюнча бир мамлекеттин бир добушу бар. ШКУ аймактык көз карандысыздык жана ички көйгөйлөргө кийлигишүүгө каршы принциптерди карманып келет. Демек ШКУнун кеңейгени жагымдуу кабар.

Ал тапта Пакистан менен Индия саясий тең салмактуулукту сактоодо Борбордук Азия мамлекеттери үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдү түзөт. Орусия жана Кытайдан тышкары үчүнчү вектор же багыт түзүлөт.

Экономикалык өнүгүүдө дагы бул жагымдуу көрүнүш. Борбордук Азиянын мамлекеттери Пакистан жана Индия аркылуу деңизге чыгуу мүмкүнчүлүгүн алса болот.

Борбор Азиянын ролу өзгөрүп же азайбайт. Тескерисинче ШКУнун кеңейүүсү жаңы мүмкүнчүлүктөрдү түзөт.

Тектеш темалар