Орусия менен Кытай ШКУну кеңейтүүдө, бирок максаттар ар башка

мамлекет башчылары Сүрөттүн автордук укугу official

Шанхай кызматташтык уюму түзүлгөн жылдан бери биринчи ирет кеңейип жатат. Астанда өткөн мамлекет башчыларынын жыйынында Пакистан менен Индиянын уюмга киргени белгилүү болду.

Бул өлкөлөрдүн мүчө болушу уюмдун «жаңы тарыхынын башаты» катары бааланды. Казакстан президенти Нурсултан Назарбаев дагы өз сөзүндө, глобалдык коопсуздук жаатында ШКУ күчтөнүп, таасири артып жатканына көңүл бурду. Эми уюмдун курамында төрт ядердик держава бар.

Андан сырткары эми Орусия, Кытай жана Борбордук Азия өлкөлөрүн кошкондо дээрлик Жер шарынын жарым калкын түзүп калды.

Ирандын азыр байкоочу катары макамы болгону менен ал дагы Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө болууга умтулуп келет. Санкциялар алынгандан кийин Ирандын мүчө болуу арызына бир аз тоскоолдуктар болду көрүнөт. Айрым талдоолордон улам бул ШКУнун ичиндеги көз караштардын дал келбей калганынан болду деп түшүнүүгө болот. Бирок бул тоскоолдуктар жакынкы жылдарда балким алынышы мүмкүн.

ШКУнун негизиги максаттары бир аз бүдөмүк жана өзүнө коопсуздуктан баштап, экономикалык байланыштар, маданий алакалар сыяктуу кеңири функцияларды камтыйт.

Негизги багыттардын бири бул - экстремизм, терроризм жана сепаратизмге каршы күрөшүү. Бирок иш жүзүндө ШКУ аскердик альянс эсептелебейт. Айталы НАТО сыяктуу аскердик бирикме эмес.

Бирок ШКУга мүчө өлкөлөр уюмдун функцияларын ар башка көрөт деп айтса да болот. Кытай үчүн бул уюм "Бир алкак - бир жол" деген өз саясатын жылдыруудагы интеграциялык структура сыяктуу. Бул программанын алкагында Кытай өзүнүн Шанхайдан тарта ири аймактарын Евразия континенти менен байланыштыруу үчүн инфраструктуралык долбоорлорун активдүү алдыга жылдырып келүүдө.

Орусия үчүн ШКУ көбүрөөк батышка каршы туруп, постсоветтик мейкиндиктеги жана андан сырткары өлкөлөрдөгү таасирин жайылтууга аянтча эсептелет. Уюмдун кеңейип жатышы дагы бул ролду күчтөндүрмөкчү.

"Биздин чөлкөмдөгү процесстерге жана жалпы эле эл аралык аренадагы процесстерге активдүү таасир этүүгө кошумча мүмкүнчүлүктөр жаралып жатат»,-деп белгиледи Владимир Путин.

Айрым эксперттердин пикиринде, ШКУнун кеңейиши уюмдун ичиндеги Кытайдын таасиринин күчөшүнө алып келиши мүмкүн. Бирок ошол эле учурда уюмдагы максаттардын ар башка болушу атаандаштыкка деле алып келбейт деген да пикирлер бар. (AbA)

Тектеш темалар