Франциядагы шайлоодо Макрондун партиясы жеңди

Улуттук ассамблеяга шайлоо эки турдан турат. Ал 18-июнда өтүп, анда округдардагы шайлоочулар добуш беришет Сүрөттүн автордук укугу AFP
Image caption Улуттук ассамблеяга шайлоо эки турдан турат. Ал 18-июнда өтүп, анда округдардагы шайлоочулар добуш беришет

Францияда өткөн парламенттик шайлоодо президент Эммануэл Макрондун “Алга, республика!” борборчул партиясы жеңгенин аталган өлкөнүн ИИМи бюллетендердин баары саналып бүткөндөн кийин билдирди.

“Алга, республика!” партиясы 28,21% добушка ээ болду. Экинчи орунду “Республика” партиясы ээлеп, алар 15,77% добуш, үчүнчү орундагы Ле Пендин “Улуттук фронту” 13,2% добуш алды.

Андан соң Макрондун партиясынын өнөктөшү - “Демократиялык кыймыл” партиясы шайлоочулардын 4,11% добушуна ээ болду.

Эки партия парламенттен 390-430 орун алышы мүмкүн деп айтылып жатат. Жалпысынан алганда Франциянын улуттук ассамблеясында - парламенттин төмөнкү палатасында 577 орун бар.

Улуттук ассамблеяга шайлоо салттык түрдө эки турдан турат. Экинчи тур 18-июнда өтүп, анда округдардагы шайлоочулар добуш беришет. Экинчи турга минималдык түрдө 12,5% алгандар гана өтөт.

Элдин шайлоого катышуу көрсөткүчү бул жолу 51% пайыз деп айтылды. Өлкөнүн ички иштер министри Жерар Коллондун айтымында, бул ирет мурдагы шайлоого салыштырмалуу эл аз катышкан. Айрымдары бул көрүнүш өлкөнүн саясий турмушундагы ишеним кризисинен кабар берет деп эсептешет.

Бул жолку парламенттик шайлоо Эммануэл Макрон президент болгон бир айдан кийин өтүүдө. (ErA)