Навальный бийлик көрсөткөн маршрут боюнча жөө жүрүш уюштурбайт

Орусиядагы оппозициялык лидерлердин бири Алексей Навальный Сүрөттүн автордук укугу KUKHMAR KIRILL/TASS

Орусиядагы оппозициялык лидерлердин бири Алексей Навальный бийлик көрсөткөн маршрут боюнча - Сахарова проспектисинде коррупцияга каршы жөө жүрүш өткөрүүдөн баш тартты. Бул тууралуу саясатчы өз блогунда жарыя кылды.

"Мыйзам жана Конституциялык сот биз тарапта", -деп кошумчалады Навальный бул тууралуу видеокайрылуусунда.

Москванын шаардык мэриясы Коррупция менен күрөшүү фондусунун жетекчиси бийлик менен макулдашкан жерде митинг өткөрүүдөн баш тарткан эмес деп билдирүүдө.

"Алар прокурордук эскертүүлөрдү алышты. Эгер алар уруксат берилбеген жерде акцияга чыга турушкан болсо, ал санкцияланбаган жүрүш деп эсептелет. Бул кезектеги чагымчылдык ", - деди РИА агенттигине Москванын аймактык коопсуздук боюнча департаментинин жетекчиси Владимир Черников.

Москвада 12-июнда коррупцияга каршы Навальный жана анын тарапкерлеринин митинги белгиленген.