Евробиримдик украиналыктарга визасыз режим киргизди

Украинанын президенти Петр Порошенко жана Словакиянын президенти Андрей Киска Ужгород чек ара бекетинде жолукту. Сүрөттүн автордук укугу Reuters
Image caption Украинанын президенти Петро Порошенко жана Словакиянын президенти Андрей Киска Ужгород чек ара бекетинде жолукту.

Украиналыктар Европа биримдигине визасыз кирүү чечимин өзгөчө иш чаралар менен майрамдап жатышат. Президент Петро Порошенко Киевде эл жыйналган жерде "кагаз көшөгөнүн кулашын" кубаттады.

Ал ошондой эле Европага эшикти символикалык түрдө ачты жана Словакиянын президенти Андрей Киска менен Ужгород чек ара бекетинде жолукту.

Ошол эле маалда Евробиримдиктин аймагында иштегиси келген украиналыктар жумуш визасын алышы керек.

Киев эл аралык аба майдандан учуп жаткан жүргүнчүлөр ырдап, бийлешти.

Бирок Украина менен мамилеси чыңалып турган Орусияда тележаңылыктар бул мунасанын маанисин кичиртип берди. Алар Украинадан Евробиримдикке мыйзамсыз мигранттардын агымы күчөйт жана кийин бул келишим токтойт деген ойду беришти.

Визасыз режим украиналыктарга биометрикалык паспорт менен Шенген аймагына, биримдикке кирбеген Швейцария, Исландия өңдүү айрым өлкөлөрдө 90 күнгө чейин эркин жүрүү мүмкүнчүлүгүн берет. (АК)