Пуэрто-Рико референдумда АКШга кошулууну чечти

Пуэрто-Риконун губернатору Рикардо Россело. Сүрөттүн автордук укугу Reuters
Image caption Пуэрто-Рикодо бешинчи ирет референдумду өткөрүү демилгени аралдын губернатору Рикардо Росселло баштаган.

Пуэрто-Риконун тургундары өлкөдө өткөн референдумда 51-штаты кылып өз курамына кошуп алсын деген өтүнүч менен АКШнын Конгрессине кайрылуу чечимин кабыл алды.

Жарандардын 23% гана шайлоого катышты. Алардын дээрлик 97% АКШга кошулууну кубаттады.

Референдумдун жыйынтыктары Пуэрто-Рико бийлигинин АКШга кошулуу процедурасын баштайт дегенди түшүндүрбөйт.

Акыркы чечим АКШнын Конгрессинде кабыл алынат.

Бул Пуэрто-Рикодо өтүп жаткан бешинчи референдум. Буга чейинкиси 2012-жылы өткөн болчу. Анда шайлоого келгендердин 60% АКШга кошулуу үчүн добуш берген. Бирок бул референдумдан кийин АКШнын Конгресси эч кандай чечим кабыл алган эмес.

Пуэрто-Риконун макамы тууралуу бешинчи ирет референдумду өткөрүү демилгени аралдын губернатору Рикардо Росселло баштаган.

Ал 2017-жылы 2-январдан бери аталган кызматка киришкен эле. Анын айтымында, арал АКШга кошулуп, мамлекеттин 51-штаты болуу аркылуу өлкөдөгү оор экономикалык кризистен чыга алат, бул аралдын учурдагы жалгыз жолу.

Өлкөнүн тышкы карызы 72 млрд. долларды түзөт. Ал эми ИДП 103 млрд. доллар.

АКШнын курамына кирүүнү колдогондордун билдиришинче, бул аракет АКШнын Федералдык каржы булактары менен камсыз болууга жана банкроттон оолак болууга мүмкүнчүлүк берет.