Моторунда тешиги бар учак Сиднейге конду

China Eastern Airlines авиакомпаниясынын учагы Сүрөттүн автордук укугу Reuters
Image caption Кытай компаниясынын Airbus 330 учагы Сиднейден Шанхайга учкан.

China Eastern Airlines авиакомпаниясынын учагы мотордун кабындагы тешиктен улам Сидней аэропортуна конууга мажбур болду..

Кытай компаниясынын Airbus 330 учагы Сиднейден Шанхайга учкан. Абага көтөрүлгөнүнө бир саат болгондон кийин учкуч моторунда мандем болуп жатканын билдирген. Соцтармактарда моторунун кабында чоң тешиги бар учактын сүрөтү пайда болду.

Жүргүнчүлөр учак абага көтөрүлгөндөн кийин сол тарабындагы мотордо катуу үн чыкканын жана салондо күйүктүн жыты сезилгенин айтышкан.

"Мен аябай корктум. Биздин топ шумдукту окуяны башынан өткөрдү", -деп жүргүнчүлөрдүн бири австралиялык Seven News телеканалына айтып берген.

Сүрөттүн автордук укугу EPA
Image caption Жүргүнчүлөр учак абага көтөрүлгөндөн кийин сол тарабындагы мотордо катуу үн чыкканын жана салондо күйүктүн жыты сезилгенин айтышкан.

"Рейтер" агенттигине бул каттамда бара жаткан аял экипаж мүчөлөрү салонго чыгып, баардык жүргүнчүлөргө коопсуздук курун тагынгыла деген буйрук бергенин билдирди.

Учак кырсыгы жок конду. Жаракат алгандар жөнүндө маалымат жок.

Авиациалык эксперт Грег Уолдрон Би-Би-Сиге эмне себептен учак кырдаалга туш болгонун иликтөөдө такталаарын айтып берди.

Май айында авиациялык сайттардын бири моторунда тешиги бар учактын тез арада конууга мажбур болгон окуяны жарыялаган. (AbK)