Аң-сезимдүү эң байыркы адам качан пайда болгон?

Сүрөттүн автордук укугу PHILIPP GUNZ/MPI EVA LEIPZIG
Image caption Аң-сезимдүү адамдын Жебел-Ирхудда табылган эң байыркы түрлөрүнүн калдык сөөктөрүнүн сканирлөө жолу менен калыбына келгендеги көрүнүшү.

Окумуштуулар Түндүк Африкада табылган адам сөөктөрүн изилдеп чыгып, аң-сезимдүү адам (Гомо Сапиенс) мурда айтылып жүргөндөй 200 миң жыл мурда эмес, андан эң эле жок дегенде 100 миң жыл мурда пайда болгон деген бүтүмгө келип жатышат.

Nature журналында жарыяланган изилдөөдө ошондой эле адамзат эволюциясы бүт континент боюнча жүргөн деген тыянак айтылат..

Германиянын Лейпциг шаарындагы Антропологиялык эволюция институтунун профессору Жан-Жак Юблендин айтымында, окумуштуулардын жаңы ачылышынан кийин адамзаттын келип чыгышы жөнүндө окуу китептерин кайрадан жазып чыгууга туура келет.

"Африканын кайсы бир жеринде бейиштегидей Эдемде баары тез жүргөн деп айтууга болбойт. Биздин оюбузча өнүгүү бир топ эле жай болгон жана бүт континент боюнча жүргөн. Демек, аны эгерде бейиштин багы дей турган болсок, ал бүт Африка болгон",-дейт ал.

Сүрөттүн автордук укугу Empics
Image caption Жебел-Ирхуд байыркы цивилизациянын калдыктары табылган жер катары жарым кылымдан бери белгилүү.

Профессор Юблен Парижде Коллеж де Франста болгон басма сөз жыйында чыгып сүйлөп, Мароккодогу Жебель-Ирхуд деп аталган жерден табылган адам сөөктөрүнүн калдыктарын журналисттерге көрсөттү. Ал баш сөөктөр, тиштер жана жумуру сөөктөр экен.

1960-жылдары Африкада табылган байыркы адам сөөктөрүнүн мезгилин 40 миң жыл мурдакы деп аныкташкан. Алар Гомо Сапиенске жакын болгон неандерталецтин африкалык формасы деп айтылып келген.

Профессор Юбленге ушундай илимий жоромолдор тынчтык бербей келген, ошондуктан ал эволюциялык анатомия институтунда иштеп баштагандан кийин Жебель-Ирхудда табылган адам сөөктөрүнүн калдыктарына жаңыча баа берүүнү чечти.

Заманбап технологияларды колдонуу менен профессор Юблен жана анын кесиптештери жаңы табылгалардын убактысы 300 миңден 350 миң жылга чейин барышы мүмкүн деп аныкташууда. Ал эми табылган баш сөөктүн формасы азыркы адамдыкынан дээрлик айырмаланбайт.

Археологиялык табылгалар ошондой эле байыркы адамдар таш аспаптарды пайдаланып, от жакканды үйрөнүшкөнүн көрсөтүүдө. Ошондуктан алар Гомо Сапиенс түрүндө эле көрүнбөстөн, өздөрүн да ошондой алып жүрүшкөн.

Буга чейин эң байыркы доорго таандык делген сөөктөр Эфиопияда Омош-Кибиште табылган эле. Алардын убактысы - 195 миң жыл деп аныкталган.

"Азыр биз азыркы адамзат качан келип чыкканы жөнүндө көз карашыбызды кайра карап чыгышыбыз керек", - дейт профессор Юблен.

Homo sapiens пайда болордон мурда адамдын ар кандай примитивдик түрлөрү болуп келген. Алар бири-биринен айырмаланган жана алардын ар биринин күчтүү жана начар жактары болгон. Ошондой эле алардын ар бир түрү жаныбарлар сыяктуу эле эволюция болуп өнүгүп, бара-бара тышкы түрүн өзгөрткөн. Бул процесс жүз миңдеген жылдарга созулган.

Буга чейин Гомо Сапиенс Африканын чыгышындагы примитимдүү түрлөрдөн 200 миң жыл мурда пайда болгон деген көз караш таанылып келген.Азыркы адамзаттын пайда болушу ушул учурга туура келет деп болжолдоп келишкен. Ошондой эле адамзат адегенде Африкада, андан кийин бүт дүйнөгө тараган деген илимий тыянак чыккан.

Профессор Юблендин ачылыштары бул тыянактарды жокко чыгарышы мүмкүн.

Сүрөттүн автордук укугу JEAN-JACQUES HUBLIN/MPI-EVA, LEIPZIG
Image caption Жебел-Ирхудда табылган байыркы адамдын сөөгүнүн астыңкы жаагы

Африкада табылган экспонаттардын убактысы 300 миң жыл мурдакы деп аныкталган. Көп жерде от жагыш үчүн пайдаланылган аспаптар табылган. Бирок ал жерден азыркы адамга таандык адам сөөктөрү табылган эмес.

Көп эксперттер азыркы адам түрү 200 миң жыл мурда пайда болгон деп келишкендиктен, бул жерлерде адамдын өтө байыркы түрлөрү жашаган деп эсептешкен. Бирок Жебель-Ирхуддагы табылгалар дал ушул жерде аң-сезимдүү адамдар жашаганын күбөлөп турат.

"Бул Гомо Сапиенс жашаган жерлер Африкада көп болгонун көрсөтүп турат. Ошондуктан биз адамзаттын бешиги бир эле жерде болгон деген көз караштан кетишибиз керек",-дейт бул изилдөөгө Лондондогу табият таануу музейинен катышкан профессор Крис.

Анын айтымында, Гомо Сапиенс ошол убакта Африкадан башка жерлерде да жашагандыгынын чоң ыктымалдыгы бар: "Бизде ошол эле убакка таандык болушу мүмкүн, аң-сезимдүү адамга окшогон, Израилден табылган калдыктар бар".

Профессор Стрингердин айтымында, примитивдүү адамдардын, балким, мээси кичине, бирок бети чоң, каштын үстүндөгү кабагы чыгып тургандай түрдө болгон болушу мүмкүн. Бирок ошого карабастан Гомо Сапиенс андан дагы байыркы убакта, керек болсо жарым миллион жыл мурда да жашаган болушу ыктымал. Ошондуктан адамдын келишим чыгышы жөнүндө буга чейин үстөмдүк кылып келген көз караштар эбегейсиз чоң өзгөрүүгө учурап жатат.

"20 жыл мурда мен бизге окшогондорду гана аң-сезимдүү Гомо Сапиенс деп айтыш керек деп келгемин. Гомо Сапиенс биринчи Африкада кайсы бир убакта пайда болгон, ошондон адам дүйнөгө тарап баштаган деген көз карашта элек. Көрсө, мен туура эмес ойлоп жүргөн окшойм",-деди Би-Би-Сиге профессор Стрингер.

Тема боюнча башка макалалар