Британия парламентине жыныстык азчылыктар рекорддук санда шайланды

Жаңы депутаттар Прит Гилл, Марша де Кордова жана Жастин Грининг британ парламенти ар кыл катмардан шайланганын көрсөтөт. Сүрөттүн автордук укугу CLLR TONY BELTON/CONSERVATIVE PARTY
Image caption Жаңы депутаттар Прит Гилл, Марша де Кордова жана Жастин Грининг британ парламенти ар кыл катмардан шайланганын көрсөтөт.

Жакында өткөн шайлоонун жыйынтыгында Британия парламентинде аялдар, ЛГБТ жана этникалык азчылыктан шайланган депутаттардын саны көбөйдү.

Лесбиянкалар, гейлер, бисексуалдар, транссексуалдар

Өкмөттүн теңчилик боюнча кеңешчиси Джон Питтин айтымында, 45 депутат өздөрүн ЛГБТга таандык деп ачык эле айтышууда.

Булар 2015-жылдагы курамдагыга караганда 40% көп. Мурдакы парламентте алардын саны 32 болчу - азыркыда 45, анын ичинде 19 лейборист, 19 консерватор жана жетөөсү Шотландиянын улуттук партиясынан.

Бул Британиядагы парламенттин тарыхындагы эле рекорд эмес, бүт дүйнөдөгү парламенттердин ичинде болгон рекорд катары каралууда.

ЛГБТ катары белгилүү депутаттардын ичинде Шотландияны караган министр Дэвид Менделл, билим берүү министри Жастин Грининг жана коргоо министри Ньи Гриффит бар.

ЛГБТнын Stonewall кайрымдуулук уюмунун айтымында, ЛГБТ талапкерлердин көбөйүп жатканын Британиянын ийгиликтерге жетишип жатканын көрсөтүп турат.

Кайрымдуулук уюмунун жетекчилеринин бири Бекс Стинсондун айтымында, ЛГБТ адамдардын коомдук иштерге активдүү катышып жатканы инклюзивдик коомдун өнүгүшүнө өбөлгө болот жана ЛГБТ жаштарга күчтүү өрнөк болуп бере алат.

Ошол эле учурда ал тогуз транс-сексуал талапкердин бирөө да шайланбай калгандыктан, парламентте трансгендердик өкүлчүлүктү көбөйтүү үчүн дагы көп аракет көрүш керек дейт.

Этникалык азчылыктар

Кара түстүү депутаттар Британ парламентине биринчи жолу 1987-жылы шайланган эле. Андан бери өткөн отуз жыл ичинде кыйла эле өсүш болуп, British Future аналитикалык борборунун маалыматы боюнча 2017-жылы этникалык азчылыктардан 52 депутат шайланды. Алардын ичинен 32 лейборист, 19 консерватор. 2015-жылдагы курамда этникалык азчылыктардын өкүлдөрү 41 депутат болчу.

British Future аналитикалык борборунун директору Стив Бэллингердин айтымында, "парламент бара-бара өзү кызмат кылган электоратка көбүрөөк окшошуп баратат".

Айымдар

Парламенттеги айым депутаттар: 2015 жана 2017-жылдагы көрсөткүчтөр

Азыркы парламентке 208 айым шайлангандан кийин анда гендердик теңчилик деңгээли мурункудан кыйла жогорулады.

Айымдарга депутат болуп шайланууга мыйзам жол бергенден жүз жыл өткөндөн кийин алар парламентте 32% түзүп калышты

2015-жылга караганда айымдардын саны 9% өстү.

Эң көп айымдар лейбористтерде - 119, консерваторлордо 67, ШУПта 12, либерал-демократтарда төрт.

Бирок Улуу Британияда аялдар калктын 50 % ашык бөлүгүн түзөрүн эске алганда коомчулукта бул көрсөткүчтү жакшыртканга дагы көп мүмкүнчүлүк бар.

Майыптар

Майып-депуттардын саны али так эсептелип чыга элек болсо дагы жаңы парламентте бул жагынан дагы өсүш бар десе болот. Мисалы, лейбористтерде эки жаңы депутат майыптарга кирет.

Билими

Жеке менчик мектептерде окуган белгилүү саясатчылар - Дэвид Кэмерон, Борис Джонсон жана Джордж Осборн.

2017-жылы парламентте бул жагында дагы өзгөрүүлөр болду, депутаттардын басымдуу бөлүгү мамлекеттик мектептерден окуп чыккандардан шайланды.

Sutton Trust жүргүзгөн изилдөөгө караганда, парламенттеги депутаттардын 51% жалпы билим берүүчү мектепте окугандар, 29% жеке менчик мектепти бүткөндөр, 18% тандалма мектептерде окугандар.

2015-жылы бул көрсөткүчтөр тийиштүү түрдө 43%, 32% жана 19% түзгөн.

Анализге караганда, 2017-жылы шайланган бардык консерватор депутаттардын 45% жеке менчик мектепте окугандар, бул көрсөткүч салыштырмалуу лейбористтерде 14% жана ШУПта 6%.

Бул жерде үйүндө билим алгандар жана чет өлкөдө окуп келгендер кошулган жок.

Sutton Trust борборунун жетекчиси сэр Питер Лампл «британ саясатынын пейзажы кыйла эле өзгөрдү» дейт.

Тектеш темалар