Трамптын антимиграциялык жарлыгы кайрадан соттон утулду

Трамптын бул жарлыгы мигранттардын укугун коргогондор тарабынан каршылыкка кабылып, митингдер менен коштолгон. Сүрөттүн автордук укугу AFP/cetty
Image caption Трамптын бул жарлыгы мигранттардын укугун коргогондор тарабынан каршылыкка кабылып, митингдер менен коштолгон.

АКШнын апелляциялык соту президент Дональд Трамптын алты өлкөнүн жарандарынын кирүүсүнө убактылуу тыюу салган жарлыгы боюнча мурунку чечимди күчүндө калтырды.

Мурдагы жарлыгы каршылыктарга кабылгандан кийин экинчи ирет, ал бир аз жумшартылганы айтылган болчу. 6-мартта чыккан жарлыкта негизинен мусулман өлкөлөрү - Ирандын, Ливиянын, Сомалинин, Судандын, Сирия жана Йемендин жарандарынын келүүсүнө тыюу салынып, Ак үй муну терроризмди алдын алуу маскаты менен түшүндүргөн. Биринчи жарлык 27-январда чыккан, анда Ирак дагы кошулган эле. Кийин аны алып салышты.

Эки жарлыктын тең аткарылышы сот тарабынан белгисиз мөөнөткө токтотулган. Соттор Трамптын бул жарлыгын Баш мыйзамды бузуу катары мүнөздөп, Конституцияда кайсыл бир диний ишенимге артыкчылык берип, башкаларына зыянын тийгизүүгө тыюу саларын эскертишкен.

АКШнын өкмөтү болсо сот чечимдерин жокко чыгарууну талап кылды. Экинчи антимиграциялык жарлык ишке кирбей жатып эле Гавайи штатынын федералдык соту тарабынан белгисиз мөөнөткө токтотулган. Трамптын администрациясы Сан-Францисконун сотуна доо арыз менен кайрылган. Үч судьядан турган соттук коллегия өз чечиминде президент Трамп бул жарлыгы менен эмне үчүн алты өлкөнүн жарандарына жана качкындарга тыюу салып жатканын негиздеп бере албады деп белгилеген.

Май айында Вирджиниянын федералдык апелляциялык соту биринчи чыккан жарлык боюнча доо арызды караган. Сот көпчүлүк добуш менен доо арызды канааттандырган эмес. Бирок соттун демократ президент тарабынан шайлангандары каршы чыкса, республикачыл президент тарабынан дайындалгандары жарлыкты мыйзамдуу деп аташкан.

Эми президенттин администрация жарлыктын мыйзамдуулугун Жогорку сотто талашат. Ал жерде төрт судья консеративдүү, ошондуктан алар Трамптын өкүлдөрүнүн далилдерине көбүрөөк ыктайт. Ал эми дагы төртөө либералдар, тогузунчусу эки лагердин ортосунда турган судья. (AbA)

Тектеш темалар