Манчестердик жанкечти терактты жарым жыл даярдаганбы?

Британдык полиция терактты Салман Абеди жалгыз ишке ашырган деп эсептейт. Сүрөттүн автордук укугу MANCHESTER POLICE
Image caption Британдык полиция терактты Салман Абеди жалгыз ишке ашырган деп эсептейт.

Ливиянын атайын кызматы Манчестердеги жардырууну ишке ашырган жанкечти Салман Абеди кол салууга 2016-жылдын декабрынан тарта даярдык көргөн дейт. Бул тууралуу Би-би-сиге ливиялык атайын кызматтын басма сөз катчысы Ахмед Бен Салем билдирди.

Анын айтымында, Ливиянын бийлигинде Абединин Ливия жана Британиядагы байланыштары тууралуу маанилүү маалыматтар болгон. Бирок өлкөнүн атайын кызматы Британияга караганда көбүрөк АКШнын чалгын кызматы менен кызматташат. Жыйынтыгында бул маанилуү маалыматтар Лондонго берилдиби же жокпу, ал белгисиз.

Манчестердеги кол салууга чейин Салман Абеди Ливиянын баш калаасы Триполиде бир ай жүргөн. Ливиянын атайын кызматы аны келери менен эле байкоого алганын айтышат. 20 жаштагы бир тууганы Хашем жана атасы Рамадан дагы атайын кызматтын байкоосунда болгон.

Хашем менен Рамаданды жардыруудан кийин Ливияда кармашты. Аларды күн сайын суракка алып жатышат. Манчестердик жанкечтинин бир тууганы алар Салман менен 2015-жылы өздөрүн «Ислам мамлекети» атаган экстремисттик топтун катарына тартылып кетишкенин моюнуна алган. Хашем Абединин күнөөсүн моюнуна алганы кандай жол менен ишке ашканы белгисиз.

Ливиянын атайын кызматы Британиядагы жардыргыч затты даярдай турган каражаттарды Хашем Абеди сатып берген деп ырастайт. Ал дагы Британиядан Салман менен бир күндө чыгып кеткен.

Британиянын полициясы Салман Абеди бомба жасоодогу көпчүлүк каражаттарды өз алдынча сатып келген деп эсептейт. Буга чейин жардыруу уюшулган топ тарабынан ишке ашырылышы мүмкүн деп жоромолдонгон эле.

6-июнда Британияда Салман Абединин дагы бир агасы, 24 жаштагы Исмаил суракка алынды. Ал полиция тарабынан суралгандан кийин үйүнө коео берилген.

Манчестердеги теракт 22-майда орун алган. Manchester Arena концерттик залында америкалык поп-ырчы Ариана Гранденин концерти жыйынтыкталып жаткан учурда жарылуу болуп, 22 киши каза таап, 116 киши ар кандай жаракат алган. (AbA)