Панама Кытайдын пайдасы үчүн Тайвань менен дипломатиялык мамилесин үздү

Соңку жылдары Кытай Панаманын экономикасы үчүн инвестициянын көлөмүн көбөйткөн. Сүрөттүн автордук укугу AFP
Image caption Соңку жылдары Кытай Панаманын экономикасы үчүн инвестициянын көлөмүн көбөйткөн.

Панаманын өкмөтү «бир гана Кытай бар, Тайвань анын бир бөлүгү эсептелет» деп билдирүү жасады. Мындай кадамы менен Панама Тайвандын көз карандысыздыгын тааныбай турганын көрсөтүп, Кытай тарапты колдоду.

Пекин өзүн Кытай Республикасы атаган Тайванды Кытай Эл Республикасынын курамына кириши керек деп эсептеп келүүдө.

Тайванды Кытай Эл Республикасынын бир бөлүгү катары таануу бул Кытай менен дипломатиялык мамиле түзүүдөгү негизги шарттардын бири.

Тайвань болсо Кытайдын чыныгы өкмөтү өздөрүндө жайгашкан деп санап, Пекиндин башкаруусундагы Кытай Эл Республикасын 1950-жылы аяктаган жарандык согуш учурунда коммунисттер тарабынан басып алынган аймак катары көрсөтөт.

Дал ушул Кытай Республикасы (Кытай Эл Республикасы эмес) 1971-жылга чейин БУУдагы Коопсуздук кеңешинде туруктуу мүчөлүктү негиздеген. Андан кийин бул орун Пекинге берилип, Тайвань БУУдагы мүчөлүгүнөн айрылган.

Панаманын чечиминен кийин дүйнөдө Тайвань менен дипломатиялык алакаларды улантып жаткан 20 гана мамлекет калды.

Соңку жылдары Кытай Панаманын экономикасы үчүн инвестициянын көлөмүн көбөйткөн. (AbA)

Тектеш темалар