Путиндин Стоунга берген интервьюсу: Чечня, АКШ, Горбачев тууралуу

Владимир Путин Сүрөттүн автордук укугу Getty Images

Режиссер Оливер Стоундун "Путин менен интервью" документалдык тасмасынын биринчи сериясы Showtime кабелдик каналынан көрсөтүлдү. Орусиялык «Биринчи канал» 19-22-июнда көрсөтөт деп күтүлүүдө.

АКШнын атайын кызматы Чечнядагы согушкерлерге жардам көрсөткөнү тууралуу далилдер бар деп айтты Владимир Путин тасмада Оливер Стоунга. Ал ошондой эле маегинде Ооганстанда "Аль-Каиданын" түзүлүшүнө Вашингтондун катыштыгы болгонун билдирип, НАТОну чыгышка жайылтпоо кепилдигин алалган эмес деп СССРдин мурунку президенти Михаил Горбачевди сынга алган.

Путиндин бейформал чөйрөдө Стоундун суроолоруна жооп берген учурлары бар. Айталы, унаа айдап баратып маектешкен учурлары.

Би-би-синин орус кызматы Путиндин тасмада айткан айрым пикирлерин (цитаталар Интерфакс жана РИА Новостиден) назарыңыздарга сунуштайт.

Кавказдагы согушкерлерге америкалык жардамдар тууралуу

Бизде Түндүк Каваказдагы Чечняда көйгөй башталганда, тилекке каршы америкалыктар бул жараянды колдоого алды.

Ошол учурда америкалык өнөктөштөр сөз менен Орусияга көмөк көрсөтүү тууралуу, терроризм менен күрөшүү тууралуу айтып, иш жүзүндө алар террорчуларды Орусиядагы ички саясый кырдаалды бузуу үчүн колдонот экен деген бизде ишенимдүү көз караш болду.

Маалыматтык жана саясый колдоолорго келсек, муну далилдештин кереги жок. Бул баардыгы үчүн ачык эле көрүнүп турган. Коомго ачык жарыяланган.

Ал эми оперативдүү жана каржылык колдоолор тууралуу бизде далилдер бар. Ал тургай айрымдарын америкалык кесиптештерге дагы көрсөткөнбүз.

Мен бул тууралуу президент Бушка айтып, көрсөтүп, ошол учурда Кавказда иштеген, кандайдыр бир саясый колдоо гана эмес, ал тургай техникалык көмөк көрсөтүп, бир жерден экинчи жерге согушкерлерди таштаган АКШнын атайын кызматындагы кызматкерлердин ысымдарын атагамын.

"Аль-Каиданын" түзүлүшүнө АКШнын катыштыгы

"Аль-Каида" бул - биздин ишмердүүлүгүбүздүн жыйынтыгы эмес, биздин америкалык достордун ишмердүүлүгүнүн жыйынтыгы.

Бул Ооганстандагы советтер союзунун согушу учурунан башталган. Анда америкалык атайын кызмат Ооганстандагы советтик аскерлер менен күрөшүү үчүн түрдүү исламчыл фундаментализмдин багыттарын колдоого алган.

Америкалыктар өздөрү "Аль-Каиданы» жана бен Ладенди өстүрүп, кийин мунун баары көзөмөлдөн чыгып кеткен. Бул ар дайым ушундай болот жана муну биздин өнөктөшүбүз АКШ билиши керек эле. Бул алардын айыбы.

11-сентябрдан кийин АКШга колдоо тууралуу

Биз дал ошол күндүн эртеси ядердик стратегиялык күчтөрдүн машыгуусун пландап койгон элек. Мен аны токтоттум.

Мен бул тууралуу АКШ президенти билишин кааладым, албетте, мындай кырдаалда бийликте турган биринчи киши моралдык-саясый колдоого муктаж болорун жакшы түшүндүм.

Горбачев жана НАТОнун кеңейиши тууралуу

Сүрөттүн автордук укугу Getty Images

Германиянын биригиши жана советтик аскер бөлүктөрүн Чыгыш Европадан чыгаруу тууралуу маселе чечилип жаткан учурда, АКШнын расмий өкүлдөрү, НАТОНун башкы катчысы, ал учурда бардыгы НАТОнун чыгыштагы чек арасы мындан ары кеңейбей турганына Советтер союзу ишенимдүү болушу керектигин айтышкан.

Бул кагазда катталып калган эмес. Бул эми Горбачев тараптан кетирилген катачылык. Саясатта сөзсүз каттап коюш керек. Ал тургай катталган нерселер деле бузулган учурлар көп. Бирок ал жөн эле сүйлөшүп чечип койгон, ушуну менен баары бүткөн. Мындай эмес да.

СССРдин кыйрашы

Мен көп учурда өзүмдүн дарегиме Советтер союзунун кыйрашына өкүнөт экен деген сындарды угам.

Бул жерде эң негизги маанилүү нерсе бул - Советтер союзу урагандан кийин 25 миллион орус эли бир түндө чек арадан сырткары аймакта калып калганы. Бул 20-кылымдагы реалдуу ири катастрофа болгон.

Горбачев жана анын тегерегиндегилер балким өлкө өзгөрүүгө муктаж дегени түшүнүктүү. Бирок бүгүн мен ишенимдүү айта алам, алар кандай өзгөрүү керек экенин, ага кантип жетүү керектигин түшүнүшкөн эмес.

Ѳлкөдөгү кырдаалды өзгөртүп, системаны алмаштырып, бирок өлкөнү кантип сактап калуу керектиги тууралуу ал учурда эч кимиси, Горбачев да билген эмес жана өлкөнү ыдыроого чейин алып келишти.

Борис Ельциндин чечими тууралуу

Сүрөттүн автордук укугу Getty Images

Ал мени өзүнө чакырып, премьер-министр кылып дайындоо тууралуу каалоосун айтып, кийин президенттик үчүн ат салышуумду каалады. Бул өтө чоң жоопкерчилик экени айтып, мен буга даярмын деп айта албайм дедим.

Эмнеге Ельцин тандоосун мага жасаганын билбейм. Ал кырдаалда Орусия үчүн жоопкерчиликти алуу бул оңой эмес иш эле.

Ачык айтканда, президент Елциндин акыркы пландары кандай экени тууралуу мен билбейт элем. Канча убакытка чейин бул кызматты аркалай турганымды мен билбейт элем. Анткени президент качан болбосун «бошсуң» деп койсо болот эле.

Ал учурда бир эле нерсени ойлодум, балдарды кайда жашырсам экен деп. Элестетип көргүлө, мени ээлеген кызматымдан бошотушту. Күзөтчүлөр жок, эч нерсе жок. Эмне кылыш керек? Кантип жашаш керек? Үй-бүлөнүн коопсуздугун кантип сактоо керек?

Мен ал учурда эгер тагдырдын буюругу ушул болгон болсо, анда акыр аягына чейин баруу керек деп чечтим. Мен анда жүз пайыз президент болом деп билген эмесмин жана мага эч ким андай кепилдик берген эмес эле.

Кыздары, күйөө балдар жана неберелери тууралуу

Оливер Стоундун неберелериңизди жакшы көрөсүзбү деген суроосуна Путин «абдан жакшы көрөм» деп жооп берген. Ошол эле учурда алар менен ойногонго мүмкүнчүлүк болобу деген суроого, Путин: «тилекке каршы өтө сейрээк» деген.

Ѳзүнүн үй-бүлөсү жөнүндө айтып жатып, Путин өзүнчө бүлөө күтүп калган кыздары менен сыймыктана турганын, алар менен көрүшүп турарын айтып берген. Ал ошондой эле күйө балдары менен кээде көз караштары түрдүү болуп дискуссия дагы кылшарын моюнга алган.

«Биз талашпайбыз, тагыраагы биз дискуссия кылабыз. Алар (кыздары) дагы ошондой. Алар саясат менен же ири бизнес менен алектенишпейт. Алар илим жана билим берүү менен алек».

Владимир Путин менен мурунку жубайы Людмила Путиндин эки кызы бар. Алардын жеке жашоосу тууралуу расмий эч нерсе белгилүү эмес. ММКдагы маалыматтарга караганда Мария илим менен алектенип, голландиялык бизнесмен Йоррит Йостом Фаассен менен турмуш курган. Алардын бир кызы бар. Ал эми басылмалардагы маалымат боюнча Катерина деген кызы Тихонова деген фамилияны алып жүрөт жана ММУнун илимий долбоорлору менен иш алып барган "Иннопрактика" фонддун жетектейт. Ал миллиардер Кирилл Шамаловко турмушка чыккан деп кабарлайт ММКлар. Бирок Путин муну бир да жолу ырастаган эмес. (AbA)

Тектеш темалар