Францияда жаңы саясий доор башталууда

Францияда шайлоодо макрондун партиясы жеңди Сүрөттүн автордук укугу AFP

Францияда парламенттик шайлоонун биринчи турунда жеңип чыккан президент Макрондун партиясы "Алга, Республика" экинчи турда дагы жеңишти колдон чыгарбай турганын билдирип, эмитен эли өкмөттү куроого киришти.

Беш жума мурда тажрыйбалуу колдон президентикти сууруп алган соң, президент Эммануэль Макрон парламентти да ошондой ыкма менен алууда.

Жалпы жыйынтык боюнча "Алга, республика!" партиясы менен "Демократиялык кыймыл" партиясы биригип 32,3% добушка ээ болду. Экинчи орунду "Республика" партиясы ээлеп, алар 21,5%, үчүнчү орундагы Ле Пендин "Улуттук фронту" 13,2% добуш алган.

Божомолдорго караганда, "Алга, Республика" жана анын союздашы "Демократиялык кыймыл" Улуттук ассамблеяда 577 орундун 445 ээлейт деп жатышат.

Ал эми Франциянын мурдакы башкаруучу партиясы болгон социалисттер 200 орунду жоготмокчу.

Эски партиялар бийликтин монополиясына жол бербеш үчүн Макрондун атаандаштарына добуш берүүгө чакырышууда.

Улуттук ассамблеяга шайлоо салттык түрдө эки турдан турат. Экинчи тур 18-июнда өтүп, анда эч бир партия 50% кө албаган шайлоо округдарында добуш беришет. Экинчи турга минималдык түрдө 12,5% алгандар гана өтөт.

Элдин шайлоого катышуу көрсөткүчү бириннчи турда 51% пайыз деп айтылды. Өлкөнүн ички иштер министри Жерар Коллондун айтымында, бул ирет мурдагы шайлоого салыштырмалуу эл аз катышкан. Айрымдары бул көрүнүш өлкөнүн саясий турмушундагы ишеним кризисинен кабар берет деп эсептешет.

"Алга, Республика" бир жыл мурда эле түзүлгөн партия. Ал адегенде "Алга" деп аталып, макрон президент болуп шайланып, партия лидери кызматынан кеткенден кийин атын өзгөрттү.

"Алга, республика!" шайлоодо ар кайсыл тармактардан талапкерлерди көрсөттү, анын ичинде студенттер, пенсионерлер бар, көбү саясаттагы жаңы адамдар.

Жекшембидеги шайлоо добуш берүүчүлөр, президент жана парламентарийлер үчүн жаңы саясый доордун башталышы болуп калмакчы. (КС)

Тектеш темалар