Бангладеште жер көчкүдөн 60 киши каза тапты

Катуу жааган нөшөөрдөн кийин Бангладеште жер көчкү жүрүп, жыйынтыгында 61 киши каза таап, ондогондору дайынсыз болууда. Сүрөттүн автордук укугу AFP\getty images

Катуу жааган нөшөөрдөн кийин Бангладеште жер көчкү жүрүп, жыйынтыгында 61 киши каза таап, ондогондору дайынсыз болууда.

Жергиликтүү бийлик каза тапкандар саны дагы өсүшү мүмкүн деп кооптонууда. Куткаруучулар учурда табият кырсыгы жүз берген аймактарга жетүүгө жана кырсыктын кесепеттерин жоюуга аракет кылып жатат.

"Нөшөөр токтогондон кийин биз кыйроолордун масштабын билебиз жана калыбына келтирүү иштерин эмнеден баштарыбыз белгилүү болот»,-деди Франс Пресс агенттигине жаратылыш кырсыктарын алдын алуу жана кесепеттерин жоюу боюнча департаменттин өкүлү Реаз Ахмед.

Сүрөттүн автордук укугу AFP\getty images

Индия менен чек арадан анчейин алыс эмес Рангамати аймагындагы турак-жайлар көчкү алдында калып, бир нече киши каза тапты.

Каза тапкандардын бешөө Рангаматиге бара турган жолду тазалап жаткан аскер кишилери болгон. Аларды экинчи жол жүргөн жер көчкү басып калган.

Ѳлкөнүн баш калаасы Даккага жана өлкөдөгү порт шаары болгон Читтагонгго бара турган унаа кыймылы бузулду. Мындай аба-ырайы Бангладеште июндан сентябрга чейин уланат. Катуу жамгырдан кийинки жер көчкүлөр кишилерди басып калган учур буга чейин да катталып келген.

2007-жылы Читтагонг аймагында жер көчкү алдында калып, 130 киши каза тапкан эле. (AbA)

Тектеш темалар