Лондондо көп кабаттуу турак-үй өрткө чулганды

Лондондо көп кабаттуу турак-үй өрткө чулганды Сүрөттүн автордук укугу Reuters

Лондондун батыш тарабында көп кабаттуу турак-үй күйүп жатат. Күбөлөрдүн айтып бергенине жана тарап жаткан тасмаларга караганда өрт бүтүндөй имаратты жалмаганын көрүүгө болот.

Түндүк Кенсингтон районундагы Grenfell Tower имаратына 40ка чукул өрт өчүрүү унаасы жөнөтүлүп, 200 өрт өчүргүч кызматкер тартылды. Бирок азырынча алар өрттү өчүрө албай жатышат.

Лондондун өрт өчүрүү кызматы тараткан маалыматта имараттын экинчи кабатынан 27-кабатына чейин күйүп жатат.

Түтүнгө уугуп калгандарга дарыгерлер алгачкы жардам көрсөтүүдө. Бирок азырынча жабыр тарткандар саны так айтылган жок.

Күбөлөр көчө тар болгондуктан өрт өчүргүч унаалардын кирип-чыгуусу кыйын болуп жатканын айтып беришти.

Окуя болгон жерден Би-би-си кабарчысы билдиргендей көп кабаттуу үй бүтүндөй өрткө чулганып, имараттын кыйрап түшүү коркунучу жаралып турат. Полиция имаратты курчоого алып, чогулгандарды коопсуз жайга жылдырууга аракет кылууда.

Полиция кабарлагандай азырга чейин имараттан кишилерди эвакуациялоо уланып жатат. Имараттын ичинде канча киши болгону жана канчасы куткарылганы азырга чейин белгисиз.

Ѳрт эмне себептен чыкканы боюнча да айтыла элек. Айрым маалыматтарга караганда имаратта 200 батир болгон.

Сүрөттүн автордук укугу Reuters

Айрым ММКлар турак-үйдө дагы деле жашоочулар кала бергенин, айрымдар кол чырактарын жагып жардам сурап жатышканын жазышты.

Ѳрт тууралуу полицияга кабар жергиликтүү убакыт боюнча түнкү саат 01:16да келип түшкөн. (AbA)

Тектеш темалар