КЭДР 15 жылга соттоп жиберген америкалык студентти бошотту

22 жаштагы Вирджиния университетинин студенти Уормбир 2016-жылы март айында 15 жылга эмгек лагерине кесилген. Сүрөттүн автордук укугу Reuters
Image caption 22 жаштагы Вирджиния университетинин студенти Уормбир 2016-жылы март айында 15 жылга эмгек лагерине кесилген.

Түндүк Корея агитациялык плакатты уурдап кетүүгө аракет кылган деп 15 жылга эркинен ажыраткан америкалык студент Отто-Фридерик Уормбирди бошотту.

"Президенттин тапшырмасы менен Мамлекеттик департамент Түндүк Кореядагы Отто Уормбирди бошотууга жетишти. Уормбир мырза АКШга карай сапарга чыгып, жакында үй-бүлөсүндө болот»,-деп кабарлады АКШнын мамлекеттик катчысы Рекс Тиллерсон.

Мамлекеттик катчынын айтымында, Түндүк Кореяда кармалып турган дагы үч АКШ жаранын бошотуу боюнча сүйлөшүүлөр жүрүүдө.

Уормбирдин ата-энеси Washington Post басылмасына уулу эс-учун билбеген абалда экенин айтып беришкен. Алар уулу соттон кийин ботулизм дартына чалдыкканын айтып жатышат. Түндүк Корея тарап Уормбир уйку дары ичип алып, эс-учун жоготкон деп билдирген.

22 жаштагы Вирджиния университетинин студенти Түндүк Кореяда 2016-жылдын январында кармалган. Ѳлкө бийлиги турист «душмандык аракети үчүн» кармалганын билдирип, бирок ал кандай аракет болгонун так айткан эмес эле.

Февраль соңунда өткөн басма сөз жыйыны учурунда Уормбир мейманканадагы дубалдын бетине илинген саясый плакатты алып салганын моюнуна алган. Анын бул аракети Түндүк Кореянын элине чоң зыянын тийгизген кылмыш катары бааланган.

Басма сөз жыйынында ал саясый плакатты алып салган себебин өзү сыйынып жүргөн чиркөө кызматкеринин өтүнүчү менен кылганын, ал кызматы үчүн 10 миң долларга бааланган унаа бермек болгонун айтып берген. Түндүк кореялык бийлик бул сыяктуу чет элдиктердин «моюнга алган кылмыштары» боюнча атайын уюштурулуп, ойдон чыгарылган окуялар менен басма сөз жыйындарын көп өткөрөт.

Уормбирдин моюнга алгандары чындап эле ошондой болгону азырынча белгисиз. Уормбир 2016-жылы март айында 15 жылга эмгек лагерине кесилген.

Анын бошотулганы тууралуу маалыматтар америкалык баскетболчу Деннис Родмандын КЭДРге сапарына туура келди. Пекиндеги журналисттер алдында сүйлөгөн сөзүндө ал камакка алынгандарды бошотуу анын максаты эмес экенин айтты. Түндүк Корея лидери Ким Чен Ындын досу эсептелген Родман КЭДРге көп барып турат. (AbA)